A conference going on at OshSU

Main News

A conference going on at OshSU

Image

ОшМУда Тоолуу Кыргыз облусунун түзүү аракеттеринин 100 жылдыгына жана тарыхчы, т.и.к., доцент Д.Э.Эгемназаровдун 85 жылдыгына  арналган “Тарых илиминин актуалдуу маселелери: доорлор, инсандар, изилдөөлөр” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Конференцияга Чехиянын, Түркиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын, ОшМУнун тарыхчы окумуштуулары, магистранттар, аспиранттар, студенттер катышууда.

Конференцияны ОшМУнун ректору К.Кожобеков ачып, Тоолуу Кыргыз облусунун түзүү аракеттеринин 100 жылдыгына карата учурда өлкөнүн аймагында бир топ иш-аракеттер жүрүп жаткандыгын, бүгүнкү конференциянын ушул теманын алкагында болуп жаткандыгы актуалдуу экендигин белгиледи. Ошол эле учурда окуу жайда эмгектенип, өзүнүн өмүрүн, эмгегин арганан тарыхчы Давлет Эгемназаровдун эмгектери, ишмердүүлүктөрү боюнча айтты. Анын жасаган эмгектери түбөлүккө кийинки муунга мурас болуп каларын кошумчалады.

Пленардык жыйында ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин профессору Турдумамат Кадыров  “Давлет Эгемназаровдун өмүрүнө саресеп”, Түркиянын Кастамону университетинин профессору Олжобай Каратаев  “Мамлекеттүүлүктүн уланышы: тоолуу республика”; Казакстандагы Евразия гуманитардык институтунун доценти Лаура Дауренбекова “Ч. Айтматовдун чыгармачылыгындагы тарыхый чындык”, Чехиянын Батыш Чех университетинин профессору   Павел Варжека “ХХ кылымдагы археология”, Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университетинин Биргелешкен билим берүү программалары департаментинин директору Римма Замилова “Баатырлар жана баатырлык: алардын инсандын калыптанышына туруктуу таасири”, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” фондунун төрагасы, профессор Кыяз Молдокасымов “Тоолуу Кыргыз областын түзүү аракеттери”,  ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин доценти  Сыдык Смадияров “Абдыкерим Сыдыковдун саясий атаандаштары” деген темаларда баяндама жасашты.

Күндүн экинчи жарымында конференциянын катышуучулары секциялык иштерде баяндамалары менен чыгып, талкуулар уюштурулат. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынат. Иш-чара Чыгыш таануу жана тарых факультети тарабынан уюштурулган.

 

Фото галерея