30-октябрда Ош мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов АКШнын Массачусетс университетинин профессору Мюнхун Ро менен онлайн форматта жолугушту.
Ага Тарых-юридика институтунун директору Жылдыз Айтбаева, профессорлор Жамийла Асанбекова, Аманай Акматова жана Тышкы байланыштар департаментинин директору Айнура Өзгөнова катышты.
Тараптар эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана илимий макалаларды эл аралык басылмаларга жарыялоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, чет өлкөлүк эксперттерди илимий-академиялык иштерге тартуу боюнча пикир алышты.
Мындан тышкары криминология, кылмыштуулуктун алдын алуу, институционалдык аномия теориясын Кыргызстандын азыркы социалдык-укуктук көйгөйлөрүн изилдөөдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдирип, анын конкреттүү багыттарын аныктоо боюнча макулдашышты.