ОшМУнун медклиникасында эки суткада эки бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

Main News

ОшМУнун медклиникасында эки суткада эки бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

Image

Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында эки сутканын ичинде эки бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул жолу татаал операцияларды орусиялык насаатчы дарыгерлердин жардамысыз, клиниканын өз адистери жүргүзүштү.

Операцияларды клиниканын Трансплантология бөлүмүнүн башчысы Бексултан Сейитбек уулу, хирург-дарыгерлер Кахраман Калыбаев жана Арстан Назармаматов баштаган дарыгерлер тобу жасады.

Бейтаптардын бири Өзгөн, экинчиси Аксы районунан келген. Экөөнө тең жакындары донор болушкан.

Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасы орган алмаштыруу багытындагы иштерин улантып, калкка жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.

 

Photogallery