Ош мамлекеттик университетинин делегациясы 29–30-октябрда Худжанд шаарында өткөн «РОСТ» эл аралык бизнес-форумуна катышты.
«Долбоорлор жана инвестициялар аркылуу агломерацияларды жана чакан шаарларды өнүктүрүү – 2026» деп аталган форум Согд облусунун мамлекеттик бийлигинин аткаруу органынын базасында уюштурулду.
Делегацияны экономика илимдеринин доктору, профессор Чинара Кулуева жетектеди. Анын курамында география илимдеринин доктору, профессор Абдурашит Низамиев, экономика илимдеринин докторлору, профессорлор Тимур Исраилов, Инабархан Мырзаибраимова, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Курманбек Исманалиев болушту.
Форумдун алкагында «Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын экономикаларынын туруктуу өнүгүүсүнүн перспективалары жана факторлору: аймактар аралык кызматташтык» аттуу эл аралык жамааттык монографиянын бет ачары өттү. Басылма үч өлкөнүн ортосундагы достук, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине арналган. Ага Худжандда өткөн үч өлкө лидерлеринин саммитинин алкагында Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстандын ортосунда түбөлүк достук жана стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлушу негиз болгон.
Форумдун экинчи күнүндө катышуучулар Согд облусундагы өнөр жай ишканалары жана маданий мекемелер менен таанышты. Алардын катарында коргошун, алтын, күмүш жана башка продукцияларды өндүргөн металлургиялык комбинат (мурдагы «Заря Востока» өндүрүштүк бирикмеси), улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары, тамак-аш көргөзмөсү уюштурулган маданият үйү, Истиклол шаарындагы тарых музейи болду. Мындан тышкары делегация «Согд» эркин экономикалык аймагында жайгашкан «Азияполитекс» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда ири көлөмдөгү каптарды өндүрүү процесси тууралуу маалымат алышты.