Талаа шартында дан өсүмдүктөрүнүн оорулары боюнча тренинг өттү

Main News

Талаа шартында дан өсүмдүктөрүнүн оорулары боюнча тренинг өттү

Image

2022-жылдын 18-19-май күндөрү  Азык-түлүк жана айыл чарба уюму жана «Агролид» айыл чарба консультациялык  компаниясынын демилгеси менен тренинг өткөрүлдү.  Ага Айыл чарба министрлигинин, Карантин, химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин,  фитосанитардык лабораториялардын,  айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизациялоо департаментинин, Чүй жана Ош облустарынан айыл чарба тармагындагы консультациялык уюмдардын,  ОшМУнун жана Кыргыз-түрк  «Манас» университетинин  адистери катышты. 
Тренинг дан өсүмдүктөрүнүн дат оорусунун (ржавчина – Puccinia) түрлөрүн изилдөөгө арналды. Изилдөөнүн жыйынтыгында  талаа шартында дан өсүмдүктөрүн жабырланткан даттын түрлөрүн изилдөө жана аныктоо боюнча машыгуулар өткөрүлдү.  Өсүмдүк материалын тандоого жана өсүмдүктүн оорулуу органдарынан гербарий материалын түзүү методикасы өздөштүрүлдү.
Тренинге ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин профессордук-окутуучулук курамы катышып, жаңы билимдерге ээ болушту. Тренинг БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык уюштурулган.

Фото галерея