ОшМУнун курамасы ордо боюнча шаар биринчилигин жеңди

Main News

ОшМУнун курамасы ордо боюнча шаар биринчилигин жеңди

Image

жеңди28-мартта өткөн ордо оюну боюнча Ош шаарынын ачык кубогунда Ош мамлекеттик университетинин командасы биринчи орунду ээледи. Жеңүүчүлөр чемпиондук кубок жана диплом менен сыйланышты.

Мелдешке шаардагы жогорку жана орто окуу жайлардын окутуучуларынан түзүлгөн беш команда катышты. ОшМУнун курамасы бардык атаандаштары менен оюн өткөрүп, толук жеңишке жетишти.

Команда университеттин ар кайсы түзүмдөрүндө эмгектенген кызматкерлерден түзүлгөн. Алар түзүлгөндөн бери окутуучулардын республикалык спартакиадасында да алдыңкы орундарды багындырып келет. Бул жеңиш окуу жайдын Ош шаарынын биринчилигиндеги үчүнчү ийгилиги болуп калды.

Команданын машыгуусу үчүн 2023-жылы Ак-Буура кампусунда ордо аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилген. Бул иш университеттин ректору Кудайберди Кожобековдун колдоосу менен ишке ашкан.

Photogallery