Build Global 2026: ОшМУнун BilimAi долбоору жеңишке жетти

Main Events

Build Global 2026: ОшМУнун BilimAi долбоору жеңишке жетти

Image

9–11-октябрда өткөн Build Global 2026 технологиялык хакатонунда ОшМУнун BilimAi долбоору жеңүүчү деп табылды.

Команданын курамында долбоордун негиздөөчүсү, окутуучу Жанболот Калбаев, студенттер Жеңишбек Мамай уулу жана Артур Камил уулу болду. 

BilimAi – мугалимдерге сабак даярдоого, окуучуларды активдүү катыштырууга жана жасалма интеллектти билим берүүдө колдонууго жардам берген интерактивдүү платформа. Анын өзгөчөлүгү билим берүүнү, оюнду, технологияны, жасалма интеллектти бир чөйрөгө бириктиргенинде болуп саналат.

Жанболот Калбаевдин айтымында, платформада кичинекей балдарга арналган BilimAi Kids бөлүмү да көрсөтүлгөн. Анда 3–6 жаштагылар үчүн түстөрдү, сандарды жана тамгаларды үйрөнүүгө багытталган үн коштолгон оюндар сунушталат.

BilimAi платформасынын негизги баалуулугу билим берүүчү оюндарды, улуттук маданиятты, 3D визуалдаштырууну, мугалимдер үчүн даяр материалдарды жана жасалма интеллектти бириктиргендигинде. Анын өзгөчө багыттарынын бири — «Чексиз доска», ал эми BilimQuiz жана улуттук оюндар сабакка активдүү катышууну уюштурууга жардам берет».

Платформаны мектеп мугалимдери, окуучулар, мектепке чейинки билим берүү мекемелери жана интерактивдүү окуу куралдарын издегендер колдоно алат.

 

Photogallery