ОшМУнун өкүлдөрү Италияда киберкоопсуздук боюнча окутуудан өтүштү

Main News

ОшМУнун өкүлдөрү Италияда киберкоопсуздук боюнча окутуудан өтүштү

Image

Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук кафедрасынын башчысы Улукбек Эркебаев, кафедранын доценти Өмүрбек Имаралиев, Компьютердик борбордун директору Сүйүнбек Эсенбай уулу жана Маалыматтык технологиялар жана тармакты техникалык тейлөө борборунун директору Рабшанбек Ураимов Италиянын Пиза шаарында киберкоопсуздук боюнча эл аралык окууга катышты. Алар окуу программаларын европалык стандарттарга ылайыкташтыруу боюнча тажрыйба алышты.

Окуу 26–30-октябрь күндөрү Erasmus+ программасынын алкагындагы Cyber4CA долбоору боюнча Scuola Superiore Sant’Anna университетинде өттү.

Беш күндүк окууда катышуучулар Европанын киберкоопсуздук боюнча адистерди даярдоо тажрыйбасы менен таанышып, илимий изилдөөлөр, өнөр жай менен кызматташуу, окутуунун жаңы ыкмалары тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле акылдуу системалардын киберкоопсуздугу боюнча мастер-класска катышып, университеттин атайын лабораторияларын көрүштү.

Окуунун негизги бөлүгүндө киберкоопсуздук боюнча курстарды Европада колдонулган кесиптик көндүмдөрдүн алкагына ылайыкташтыруу маселеси каралды. Катышуучулар курстарда студенттер эмнени үйрөнүшү керектигин аныктоо, алган билимин жана көндүмдөрүн баалоо жолдорун иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды аткарышты. Даярдалган курстар өнөктөш университеттердин адистери тарабынан да талкууланды. Мындан тышкары студенттердин окуу жүктөмүн эсептөө, кредиттерди которуу жана топтоо системасын колдонуу, академиялык алмашууну уюштуруу маселелери талкууланды. 

Окууларды Бельгиянын Антверпен университетинин, Испаниянын Мадрид политехникалык университетинин жана Румыниянын Бухарест POLITEHNICA улуттук илим жана технология университетинин адистери өткөрүштү.

Тренингдин акыркы күндөрүндө катышуучулар өздөрү даярдаган курстарды тааныштырып, аларды баалоо боюнча сыноо экспертизасына катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында ОшМУнун өкүлдөрүнө окууга катышкандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.

Cyber4CA – Борбор Азияда киберкоопсуздук боюнча жогорку билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган эл аралык долбоор. Анын максаты Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын университеттеринде европалык стандарттарга жооп берген, эмгек рыногунун талабына ылайык адистерди даярдоого багытталган магистратура программасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.

Долбоорго үч өлкөнүн университеттери жана билим берүү министрликтери, Италия, Испания, Бельгия, Румыниянын жогорку окуу жайлары катышууда.

Италияда алынган тажрыйба ОшМУнун Колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук кафедрасында жаңы магистратура программасын иштеп чыгууда, учурдагы окуу курстарын европалык талаптарга ылайыкташтырууда колдонулат. Бул иштер студенттерди эмгек рыногунда талап кылынган билим жана практикалык көндүмдөр менен даярдоого жардам берет.

ОшМУда киберкоопсуздук лабораториясын түзүү иштери да жүрүп жатат. Cyber4CA долбоорунун алкагындагы кызматташтык мындан ары да уланат.

 

Photogallery