Ош шаарында өткөн «DATKA FEST – Алымбек датка» аттуу эл аралык каратэ мелдешинде ОшМУнун медициналык коллежинин окутуучулары спортчуларга медициналык жардам көрсөтүштү.
Клиникалык бөлүмдүн окутуучулары Кубаныч Жапаров жана Айзирек Кыдыршаева мелдеш учурунда спортчулардын ден соолугуна көз салып, зарыл учурда жардам беришти.
Ал эми коллеждин фармация адистигинин 3-курсунун тогузунчу агымынын студенттери уюштуруу иштерине ыктыярчы катары көмөктөштү.
Мелдешке Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 200гө жакын спортчу катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргызстандын Улуттук каратэ федерациясы мелдеш учурунда медициналык жардам көрсөтүп, уюштуруу иштерине колдоо көрсөткөнү үчүн коллеждин жамаатына жана студенттерине ыраазычылык билдирди.