Бүгүн, 21-октябрда Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) Түштүк Кореянын Моквон университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Но Жи Ин, бөлүмдүн улук кызматкери Пак Тхэ Хун менен жолугушуу өттү.
Жолугушууга ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров, Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев катышты. Анда эки окуу жайдын кызматташтыгын кеңейтүү, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, окутуучулардын тажрыйба алмашуусун уюштуруу жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү маселелери талкууланды. Ошондой эле кызматташтык келишимин жаңылап, келечекте кош дипломдуу билим берүү программаларын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Курсантбек Аттокуров окуу жайлар ортосундагы кызматташтык 2019-жылы түзүлгөн келишимден башталганын эске салып, Моквон университети ОшМУнун студенттери үчүн жыл сайын төрт орун бөлүп бергени үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ОшМУ Түштүк Кореядан келген студенттерди кабыл алууга даяр экенин айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү бекемдөөгө жана студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
ОшМУ Түштүк Кореянын жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты активдүү өнүктүрүп келет. Жыл сайын окуу жайдын 30дан ашуун студенти академиялык мобилдүүлүк программалары аркылуу Түштүк Кореяда окуп, тажрыйба топтоодо.