КМШнын 35 жылдыгына арналган лекция өттү

Main News

КМШнын 35 жылдыгына арналган лекция өттү

Image

21-октябрда Ош мамлекеттик университетинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган «КМШга 35 жыл: тарыхы, бүгүнкүсү жана келечеги» аттуу лекция өттү.

Лекцияны ОшМУнун доценти, тарых илимдеринин кандидаты Гүлназ Чыныкеева окуду. Анда КМШнын түзүлүү тарыхы, калыптануу этаптары жана бүгүнкү күндөгү орду тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле Шериктештикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтык, мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоо, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Иш-чара Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин КМШнын 35 жылдыгына карата сабактарды жана лекцияларды өткөрүү боюнча тапшырмасынын негизинде уюштурулду.

Маалымат үчүн: Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги 1991-жылы түзүлгөн. Ал постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттердин өз ара кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган эл аралык бирикме болуп саналат.

 

Photogallery