Казакстандын К. Жубанов атындагы Актөбө аймактык университетинин физика-математика факультетинин математика кафедрасынын профессору Аскарбек Иманчиев ОшМУга иш сапар менен келди.
Анын алкагында Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуу болду. Анда эки университеттин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде кызматташууну өнүктүрүү, институттун келечектеги ишмердүүлүгүнүн перспективалары талкууланды.
Ошондой эле 9-октябрда 550200 – «Физика-математикалык билим берүү» программасынын математика жана информатика профили боюнча бакалавриаттын I–IV курсунун, магистратуранын I–II курсунун студенттерине «Тексттик маселелерди чыгаруунун айрым натыйжалуу ыкмалары» темасында конок лекциясын окуду.