ОшМУнун Enactus командасы дүйнөлүк кубокто Кыргызстандын атынан катышты

Main News

ОшМУнун Enactus командасы дүйнөлүк кубокто Кыргызстандын атынан катышты

Image

Ош мамлекеттик университетинин Enactus командасы 16–19-ноябрда Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өткөн Enactus World Cup 2026 дүйнөлүк кубогуна Кыргызстандын улуттук чемпиону катары катышты.

Дүйнөлүк кубокко ар кайсы өлкөлөрдүн улуттук чемпиону болгон университеттик командалар катышып, социалдык ишкердик, инновация жана туруктуу өнүгүү багытындагы долбоорлорун сунушташты. Ош мамлекеттик университетинин командасы мелдештин жүрүшүндө Улуу Британия, Ирландия, Түштүк Корея жана Эсватини өлкөлөрүнүн университеттик командалары менен бир лигада күч сынашты. Команда дүйнөлүк кубокто негизги долбоору – UpBulak стартабын тааныштырды. Долбоор полиэтилен калдыктарын кайра иштетип, айыл чарбасында жана суу менен камсыздоо тармагында колдонулуучу экологиялык түтүктөрдү өндүрүүгө багытталган. Ошондой эле гидротаран технологиясынын жардамы менен электр энергиясын жана күйүүчү майды колдонбостон сууну бийик аймактарга жеткирүү чечими сунушталат. Долбоор пластик калдыктарын азайтууга, суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланууга жана айыл жерлериндеги суу тартыштыгын чечүүгө багытталган.

Иш-чаранын алкагында уюштурулган эл аралык көргөзмөдө окуу жайдын командасы Кыргызстандын тарыхын, улуттук каада-салттарын, маданий мурастарын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Мындан тышкары ата мекендик компаниялардын продукциялары көрсөтүлүп, өлкөнүн өндүрүштүк, экспорттук мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Университеттин Enactus командасы 2026-жылдын 7-июнунда Бишкек шаарында өткөн «Expo Youth Startups – 2026» улуттук чемпионатында биринчи орунду ээлеп, Кыргызстандын улуттук чемпиону аталган. Бул жеңиш командага дүйнөлүк кубокко катышууга жолдомо берген. 1997-жылдан бери иш алып барып келе жаткан команда студенттик ишкердикти өнүктүрүү жана социалдык-экологиялык көйгөйлөрдү чечүү багытында 100дөн ашуун бизнес-долбоорду иштеп чыккан.

 

Photogallery