Конфуций институтунун күнү белгиленди

Main News

Конфуций институтунун күнү белгиленди

Image

22-сентябрда ОшМУнун кыргыз-кытай факультетинде Конфуций институтунун күнү белгиленди. Иш-чарага ректор Кудайберди Кожобеков, Кытайдын Ош шаарындагы башкы консулу Лю Минчэ, Конфуций институтунун жетекчилери, окутуучулар жана студенттер катышты. 

Иш-чарада институттун ишмердиги, кытай тилин жана маданиятын жайылтуудагы орду, билим берүү, маданий-гуманитардык кызматташтык, кыргыз-кытай достук мамилелери тууралуу пикирлер айтылды. 

Конфуций институттарынын эл аралык тармагы 2004-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө тармак кытай тилин, маданиятын жайылтуу, элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, достукту бекемдөө багытында иш алып барат. 

Ал эми ОшМУдагы Конфуций институту 2013-жылы ачылган. Учурда кыргыз-кытай факультетинде лингвистика, котормо жана котормо таануу, кытай таануу жана филология адистиктери боюнча 700гө жакын студент билим алууда. Студенттер кытай тилин үйрөнүү менен катар аталган өлкөнүн тарыхы, маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышууда. Ошондой эле институтта кытай тили боюнча курстар, маданий иш-чаралар, тил сынактары жана эл аралык билим берүү долбоорлору уюштурулуп келет.

 

 

 






 

Photogallery