ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН СТУДЕНТТЕР: ЭРМЕК КАПАШЕВДИН ИЙГИЛИК ЖОЛУ

Main News

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН СТУДЕНТТЕР: ЭРМЕК КАПАШЕВДИН ИЙГИЛИК ЖОЛУ

Ош мамлекеттик университетинде академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу чет өлкөлөрдө билим алып келген студенттердин ийгилик жолун чагылдырган жаңы рубрика уланууда.

Рубриканын кезектеги каарманы ОшМУнун медицина факультетинин дарылоо иши адистигинин 6-курсунун студенти Эрмек Капашев.

Ал академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Түркияда эки жыл окуп келген. Алгач Памуккале университетинде, кийин Нигде Өмер Халисдемир университетинде болгон. Кесиптик билимин тереңдетип, эл аралык деңгээлде баалуу тажрыйба топтоду. Окуу учурунда заманбап медициналык билим берүү системасы менен таанышып, теориялык билимин практикалык көндүмдөр менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Эгерде сиз дагы академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу чет өлкөдө билим алып келген болсоңуз жана өз тажрыйбаңызды бөлүшүүнү кааласаңыз, ОшМУнун маалымат борборуна кайрылсаңыз болот.

Рубриканын максаты – студенттердин ийгиликтерин көрсөтүү менен жаштарга мотивация берүү жана эл аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат жеткирүү.