ОшМУнун медициналык программалары аккредитациядан өттү 

Main News

ОшМУнун медициналык программалары аккредитациядан өттү 

Image

Окуу жайдын медициналык билим берүү боюнча беш программасы мамлекеттик программалык аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, алты жылдык мөөнөткө аккредитацияланды. Алар:

  • «Дарылоо иши»;
  • «Дарылоо иши» (чет өлкөлүк жарандар үчүн);
  • «Педиатрия»;
  • «Стоматология»;
  • «Фармация».

Аккредитациянын жүрүшүндө аталган программалардын мамлекеттик талаптарга, адистерди даярдоонун сапат критерийлерине жооп берүүсү бааланды. Эксперттер окуу программаларынын мазмунун, окуу процессинин уюштурулушун жана профессордук-окутуучулук курамдын кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты. Ошондой эле илимий-изилдөө иштери, материалдык-техникалык база, студенттердин практикалык даярдыгы үчүн түзүлгөн шарттарга баа берилди.

Жыйынтыгында ОшМУнун медициналык билим берүү программалары заманбап талаптарга, эмгек рыногунун жана саламаттык сактоо тармагынын учурдагы муктаждыктарына жооп берери аныкталды.

 

Photogallery