Орто кесиптик окуу жайларга кабыл алууда босого балл 80 балл болду

Main News

Орто кесиптик окуу жайларга кабыл алууда босого балл 80 балл болду

Image

2026–2027-окуу жылында орто кесиптик окуу жайларга (коллеждер) кабыл алуунун бешинчи турунда абитуриенттер үчүн босого балл 80 балл болуп белгиленди. Бул тууралуу Илим министрлиги кабарлады. 

Бул талап коллеждердеги бардык багыттарга, анын ичинде медициналык орто кесиптик билим берүү багыттарына да тиешелүү.

Негизги тесттен 80 балл же андан жогору алган абитуриенттер гранттык (ваучер) жана контракттык негизде окууга өтүү үчүн конкурска катыша алышат. Босого баллды аныктоодо кошумча предметтик тесттердин жыйынтыгы эске алынбайт.

Бул чечим 2026–2027-окуу жылына орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуу планын аткаруу максатында кабыл алынды.