ОшМУнун биорекультивациялоо тажрыйбасына эл аралык кызыгуу күчөдү

Main News

ОшМУнун биорекультивациялоо тажрыйбасына эл аралык кызыгуу күчөдү

Image

Окуу жайдын окумуштууларынын Өзгөн районунун Курбу-Таш айылындагы 2017-жылы жер көчкү баскан аймакта жүргүзүп жаткан агротокойчулук жана биорекультивациялоо иштери чет өлкөлүк адистердин кызыгуусун жаратууда. 

Бул жолу Пакистандагы Бахрия университетинин жер жана айлана-чөйрө илимдери кафедрасынын жаш изилдөөчүсү Жалал Уд Дин аталган аймакка илимий сапар менен келди. Ал буга чейин да Курбу-Ташта болуп, ОшМУнун окумуштуулары жүргүзүп жаткан изилдөөлөр менен таанышкан. Бул сапарында изилдөөчү акыркы он жылдагы спутниктик маалыматтардын негизинде даярдалган геодезиялык, топографиялык, картографиялык материалдарын сунуштады. Анда жер көчкүгө чейинки жана андан кийинки өзгөрүүлөр салыштырылган. 

Сапардын алкагында Жалал Уд Дин, ОшМУнун Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар консалтинг борборунун адистери болжол менен 100 гектар аянтты камтыган биорекультивациялоо тилкесинде GPS технологиясы аркылуу так координаттарды аныктоо иштерин жүргүзүштү. Чогултулган маалыматтар компьютердик программалар аркылуу иштелип чыгып, аймактагы өзгөрүүлөрдү илимий негизде баалоого мүмкүнчүлүк берет.

Окумуштуулардын айтымында, бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы Кыргызстанда, айрыкча өлкөнүн түштүк аймактарындагы жер көчкү баскан жерлерди калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик деңгээлдеги биорекультивациялоо программасын иштеп чыгууга негиз боло алат.








 

Photogallery