ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН СТУДЕНТТЕР: МАРЗИЯ АЖИБАЕВАНЫН ИЙГИЛИК ЖОЛУ

Main News

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН СТУДЕНТТЕР: МАРЗИЯ АЖИБАЕВАНЫН ИЙГИЛИК ЖОЛУ

Ош мамлекеттик университетинде академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу чет өлкөлөрдө билим алып келген студенттердин ийгилик жолун чагылдырган жаңы рубрика уланууда.

Рубриканын кезектеги каарманы — медицина факультетинин 4-курсунун студенти Марзия Ажибаева. Ал академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Орусиянын Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде билим алып, кесиптик билимин тереңдетип, эл аралык деңгээлде баалуу тажрыйба топтоду. Окуу учурунда заманбап медициналык билим берүү системасы менен таанышып, теориялык билимин практикалык көндүмдөр менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Буга чейин рубриканын алгачкы чыгарылышында Кыргыз-Кытай факультетинин студенти Эрбол Келдибаевдин Кытайда акысыз билим алып, эл аралык тажрыйба топтогон ийгилик жолу чагылдырылган.

Долбоордун алкагында мындан ары да ОшМУнун өнөктөш жогорку окуу жайларында билим алган студенттердин окуялары жарыяланып, алардын жетишкендиктери, эл аралык билим берүү чөйрөсүндө топтогон тажрыйбалары жана академиялык мобилдүүлүк ачкан жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири баяндалат.

Рубриканын негизги максаты — студенттердин ийгиликтерин коомчулукка таанытуу, жаштарды жаңы билимге, кесиптик өнүгүүгө жана эл аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга шыктандыруу.

Эгерде сиз дагы академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу чет өлкөдө билим алып келген болсоңуз жана өз тажрыйбаңызды бөлүшүүнү кааласаңыз, Ош мамлекеттик университетинин Маалымат жана коомчулук менен байланыш борборуна кайрылсаңыз болот.