«Кыргыз таануу» борбору ачылды

Main News

«Кыргыз таануу» борбору ачылды

Image

Ош мамлекеттик университетинде кыргыз элинин тарыхын, тилин жана маданиятын изилдөөгө багытталган «Кыргыз таануу» борбору ачылды.

Борборго кыргыз тили жана адабияты, «Манас» эпосу, тарых, этнография, фольклор жана маданият боюнча 500гө жакын китеп, 200гө жакын «Шоокум» журналы, улуттук буюмдар жана башка эмгектер топтолгон. Материалдардын басымдуу бөлүгү борбордун жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты Абдимиталип Мурзакметовдун жеке жыйнагынан алынган.

Жаңы борбордо окумуштуулар, окутуучулар, студенттер жана магистранттар изилдөө иштерин жүргүзүп, кыргыз таануунун актуалдуу маселелери боюнча талкууларды, жолугушууларды өткөрө алышат.

Ректор Кудайберди Кожобеков борборду түзүүдөгү негизги максаттардын бири буга чейин окумуштуулардын жеке китепканаларында жана үйлөрүндө сакталган баалуу материалдарды бир жерге топтоп, студенттер менен жаш изилдөөчүлөр үчүн илимий чөйрө түзүү экенин белгиледи.

«Кыргыз таануу» борборунун ачылышында кыргыз адабияты кафедрасынын жамааты кыргыз адабиятынын коомдогу ордун чагылдырган сахналык көрүнүш тартуулады.

Маалымат үчүн: ОшМУда кыргыз таануу борборунан тышкары казак, өзбек, жапон жана башка тил-маданият борборлору да иш алып барат.

Photogallery