Өзбекстандык окумуштуулар ОшМУда окутуудан өттү

Main News

Өзбекстандык окумуштуулар ОшМУда окутуудан өттү

Image

24-25-июнда  Ош мамлекеттик университетинин аспиранттары, докторанттары жана изденүүчүлөрү  үчүн Жаш окумуштуулардын жайкы мектебинин алкагында  илимий-изилдөөлөрдүн методологиясы боюнча тренинг-семинар өттү.

Жайкы мектепке Самарканд мамлекеттик университетинен профессор Асатилла Ражабов баштаган доценттер, 16 докторант жана магистрант изденүүчүлөр да катышты.

Иш-чарада “Илимий-изилдөө иш-аракеттерин уюштуруунун негизги эреже-талаптары”, “Илимий эмгектерди даярдоо жана басылмаларга жарыкка чыгаруу”, “РИНЦ, Scopus, Web of Science системаларына макалаларды даярдоонун жана жарыялоонун өзгөчөлүктөрү”, “Диссертация жазуу жана аны коргоого сунуштоо”, “Илимий-изилдөөлөрдө  cтатистикалык  методдордун  колдунулуштары”,“Илимий маалыматтарды   санариптештирүү маселелери”, “Илимий кызматкерлерди китепканалык  жактан тейлөөнүн оптималдуу формалары” деген темаларда баяндамалар жасалды.

"Тренинг-семинарда илимий-изилдөөлөрдүн методологиясынын алкагында аспиранттар, докторанттар, изденүүчүлөр үчүн маанилүү жана зарыл болгон материалдар инновациялык технологиялардын жардамы менен окутулду", –деди жайкы мектептин уюштуруучусу, Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башкы адиси Гүлжамал Анарбаева.

Жаш окумуштуулардын жайкы мектеби ОшМУда жыл сайын өткөрүлүүчү салттуу иш-чаралардын катарына кирет.

 

 

Photogallery