10-июнунда Ош мамлекеттик университетинде «Билим кербени: Билим берүү, илим жана инновация – 2026» аттуу иш-чара өттү.
Анда билим берүү, илим жана инновация багытындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Ошондой эле интеллектуалдык менчикти коргоонун маанилүүлүгү боюнча маалыматтар берилди. Бул тармактагы жаңы мүмкүнчүлүктөр тааныштырылды.
Жыйынга Ош облусундагы билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, илимий кызматкерлер жана тиешелүү тармактын адистери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары, Кыргызстанда өнөр жай менчигин укуктук жактан коргоо маселелери боюнча баяндамалар жасалды. Жыйындын соңунда катышуучулар интеллектуалдык менчик жаатындагы билимдерин кеңейтип, тажрыйба алмашып, мындан аркы кызматташуу боюнча сунуштарын билдиришти.
«Билим кербени: Билим берүү, илим жана инновация – 2026» билим берүү менен илимдин өнүгүүсүнө, чыгармачыл жана инновациялык демилгелерди колдоого багытталган иш-чара болуп саналат.