ОшМУда Борбор Азиялык «Күмүш университеттер» хабын түзүү маселеси талкууланды

Main News

ОшМУда Борбор Азиялык «Күмүш университеттер» хабын түзүү маселеси талкууланды

Image

1-июнда Ош мамлекеттик университетинде Казакстандагы Ч.Валиханов атындагы Көкшетау университетинин жана Казакстандын Күмүш университеттер ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Жолугушууга Ч.Валиханов атындагы Көкшетау университетинин проректору Айгүл Жакупова жана Казакстандын Күмүш университеттер ассоциациясынын катчысы Мөлдир Талпакова, Ош мамлекеттик университетинин, Ош технологиялык университетинин жана А.Ж. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин өкүлдөрү да катышты. 

Иш-чараны ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров ачып, университеттин эл аралык байланыштарды кеңейтүү жана билим берүү тармагындагы жаңы демилгелерди колдоо багытындагы ишмердүүлүгүнө токтолду. 
Жыйындын жүрүшүндө катышуучуларга Көкшетау университетинин жана Казакстандын Күмүш университеттер ассоциациясынын ишмердүүлүгү тууралуу презентация жасалып, улуу муундагы жарандардын билим алуусун колдоого багытталган долбоорлор тааныштырылды. Анда Борбор Азия өлкөлөрүндө «Күмүш университеттер» концепциясын өнүктүрүү, билим берүү уюмдарынын тажрыйба алмашуусу, улгайган жарандар үчүн билим берүү программаларын иштеп чыгуу, академиялык мобилдүүлүк жана эл аралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери талкууланды. Андан сырткары катышуучулар биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, гранттык демилгелерди ишке ашыруу жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын базасында Борбор Азиялык «Күмүш университеттер» хабын түзүү боюнча пикир алышты. Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен чечимдерди кабыл алып, келечектеги өнөктөштүктүн негизги багыттарын белгилешти.