23–24-май күндөрү ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунун окутуучулары Өзбекстандагы Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинде өткөн «Жасалма интеллектке негизделген санариптик педагогика: билим берүүнү трансформациялоо, стратегиялар жана эл аралык тажрыйба» аттуу эл аралык конференцияга катышты.
Илимий жыйында доценттер доценттер Танавархан Акматова, Райхан Турганбаева, Дамира Тагаева, Бусалима Алиева жасалма интеллект технологияларын билим берүү процессине интеграциялоо, санариптик педагогиканын заманбап ыкмалары жана эл аралык билим берүү тажрыйбалары боюнча пикир алышты. Мындан тышкары ОшМУнун өкүлдөрү мектептерде 12 жылдык окутуунун өзгөчөлүктөрү боюнча конок лекцияларды окуп, методикалык тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүштү.
Сапардын жыйынтыгында эки окуу жай билим берүү, илим, инновация багытындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча макулдашты.