Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридикалык институту жана медицина факультетинин базасында “Аптекалык баңгизатка каршы аракеттенүү: Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыздоо чараларын калыптандыруу” аттуу илимий-практикалык долбоор ишке ашырылып жатат.
Долбоордун негизги максаты – “Аптекалык” баңгизаттын алдын алып, жаштардын укуктук, медициналык, социалдык жана санариптик сабаттуулугун жогорулатуу болууда. Иш укук, медицина, фармация жана социалдык багыттарды бириктирген коллаборациялык ыкма менен жүргүзүлүүдө. Негизги иштер университеттин “Кылмыш-жаза укугу жана процесси”, “Фармация” кафедраларынын базасында уюштурулат.
Адистердин айтымында, жаштар арасында рецепт менен берилүүчү дары-дармектерди көзөмөлсүз пайдалануу коомдук саламаттык үчүн олуттуу коркунуч жаратууда. Аталган долбоордун жетекчиси, профессор Аманай Акматова белгилегендей, бул көйгөй көп учурда коомчулуктун көңүл сыртында калып келет.
“Аптекалык баңгизат көп учурда жеңил көрүнгөнү менен, ал оор көз карандылыкка алып баруучу биринчи кадам болушу мүмкүн. Ошондуктан жаштар арасында алдын алуу иштерин күчөтүү бүгүнкү күндүн маанилүү милдети”.
![]()
Долбоордун жүрүшү жана жыйынтыктары
Долбоордун алкагында изилдөө жана профилактикалык иштер 2024-жылдан бери бир нече этап менен жүргүзүлүүдө. Ош жана Баткен облустарында “аптекалык” баңгизаттын жайылуу деңгээли, тобокел топтор жана факторлор аныкталды. Дары-дармектердин сатылышын көзөмөлдөөдө кемчиликтер, интернет аркылуу мыйзамсыз сатуу фактылары жана жаштардын маалыматтын жетишсиздиги белгиленди.
2025-жылы комплекстүү профилактикалык стратегия иштелип чыгып, мектептер жана ЖОЖдор менен кызматташтык башталган. Лекциялар, тренингдер, онлайн сурамжылоолор, тегерек столдор жана социалдык тармактар аркылуу маалыматтык кампаниялар өткөрүлүүдө. Учурда долбоор аналитикалык жыйынтыктоо этабында турат. Долбоорго ОшМУнун студенттери да активдүү катышып, сурамжылоолорду жүргүзүү, маалыматтык кампанияларды уюштуруу жана түшүндүрүү иштерине көмөктөшүүдө.
![]()
Эмнелер жасалды?
Алдыда долбоордун географиясын кеңейтүү, башка факультеттерди, билим берүү мекемелерин тартуу, онлайн-курстарды иштеп чыгуу, дарыканалар жана медициналык уюмдар менен кызматташууну күчөтүү пландалууда. Ошондой эле ири социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, маалыматтык-медиа кампанияларды кеңейтүү каралган.
Адистердин пикиринде, долбоор жаштар арасында “аптекалык” баңгизаттын тобокелдигин азайтып, укуктук жана медициналык сабаттуулукту жогорулатууга жардам берет. Ошондой эле дары-дармектерге жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.
![]()
Долбоорду аткаруучулардын курамы:
Долбоорго ар тармактагы адистер тартылган. Команданын курамында долбоор жетекчиси, профессор Аманай Акматова, химиялык-токсикологиялык экспертиза боюнча адис, доцент Зинат Боронова, аспирант Элиза Жусупалиева, юрист Мирлан Мурзакматов, социалдык педагогика багыты боюнча адис, доцент Диларам Мадаминова, социалдык маселелер боюнча консультант, доцент Чыныбек Эрдолатов, наркология боюнча дарыгер, консультант, доцент Нурланбек Акпышаров бар.
Адистердин биргелешкен иши долбоордун илимий негиздүүлүгүн жана практикалык маанисин арттырууда.
![]()
Даярдаган: Мээрим Осмонали кызы