Окутуучулар Анжиян мамлекеттик медициналык институтунда тажрыйба алмашты

Main News

Окутуучулар Анжиян мамлекеттик медициналык институтунда тажрыйба алмашты

Image

28–30-апрель күндөрү Ош мамлекеттик университетинин медициналык коллежинин табият таануу жана так илимдер предметтик-циклдик комиссиясынын окутуучулары Нурсулуу Атажанова, Анипахан Маликова, Каныкей Акбар кызы Анжиян мамлекеттик медициналык институтунда иш сапарда болушту. 

Алар академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында барышты. Иш сапардын жүрүшүндө окутуучулар институттун профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуп, окуу процесси, билим берүү стандарттары, инновациялык окутуу ыкмалары, санариптик ресурстарды колдонуу боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары алар эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Анда билим берүү системасындагы актуалдуу маселелер, тил окутуунун натыйжалуу ыкмалары, студенттердин коммуникативдик жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана заманбап технологияларды билим берүү процессине интеграциялоо темаларында баяндама жасашты.

Ошондой эле аталган институттун студенттери үчүн орус тили жана англис тили сабактары боюнча конок лекциялар, практикалык сабактар өткөрүлдү.

Жолугушуунун алкагында тараптар окуу-методикалык материалдар менен алмашып, биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, илимий макалаларды даярдоо, жарыялоо, окутуучулар менен студенттердин академиялык алмашуусун кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле илимий, педагогикалык багыттагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

 

Photogallery