ОшМУ Өзбекстан менен бирге «Гимнастрада» фестивалын өткөрөт

Main News

ОшМУ Өзбекстан менен бирге «Гимнастрада» фестивалын өткөрөт

Image

Ош мамлекеттик университети менен Наманган мамлекеттик педагогикалык институту «Гимнастрада» эл аралык спорттук фестивалын биргеликте өтөрүүнү пландоодо. Бул макулдашуу аталган институтта өткөн фестивалда талкууланды.  

24-апрелде Индустриалдык-педагогикалык коллежинин окутуучулары Наманган мамлекеттик педагогикалык институтунда уюштурулган «Гимнастрадага» катышты. Анын алкагында эки окуу жай билим берүү, илим жана маданият тармактарындагы кызматташууну кеңейтүү маселелерин карашты. Тараптар академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, окутуучулар менен студенттердин тажрыйба алмашуусун күчөтүү боюнча да пикир алышты. 

Сапардын жүрүшүндө ОшМУнун окутуучулары институттун студенттерине мастер-класстарды, конок лекцияларды өтүштү. 

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, «Гимнастрада» фестивалын биргеликте өткөрүү демилгеси Кыргызстан менен Өзбекстандын достук байланышын бекемдейт. Ошондой эле эки окуу жайдын өнөктөштүгүн жаңы деңгээлге чыгарат.

Photogallery