Белгилүү окумуштуу Абдыганы Абдурасулов 60 жашта

Main News

Белгилүү окумуштуу Абдыганы Абдурасулов 60 жашта

Image

Бүгүн, 24-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде «Планета бирдиктүү үлгү сыяктуу: климат, технологиялар, коом» деп аталган эл аралык конференция өтүп жатат. Иш-чара Кокон жана Алай хандыктарынын мамлекеттик жана саясий ишмери Алымбек датканын 225 жылдыгына, белгилүү илимпоз, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Абдыганы Абдурасуловдун 60 жылдык мааракесине арналган. 

Конференцияга Орусия, Түркия, Түштүк Корея, Өзбекстандан онлайн жана оффлайн форматта окумуштуулар, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардан профессордук-окутуучулук курам, PhD докторанттар, магистранттар студенттер, окумуштуунун үй-бүлөсү катышууда. Коноктор, илимпоздор Абдурасуловдун баалуу илимий изилдөөлөрү, жасаган эмгектери, адамдык сапаттары тууралуу сөз кылышууда. Пленардык отурумда Алымбек датканын мамлекеттүүлүктү түптөөдөгү орду жана ролу, климаттын өзгөрүшү, климаттык экономика, туруктуу өнүгүүнүн социалдык-экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдөгү ролу боюнча баяндамалар жасалды. 

Абдыганы Абдурасулов белгилүү окумуштуу, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана ветеринария кызматынын отличниги, Айыл чарба илимдеринин доктору. Профессор Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башчысы катары үзүрлүү эмгектенип келет. Ал сүттүү эчки, сүттүү жана көп тукумдуу кой чарбачылыгы, эт багытындагы мал чарбачылыгы, жылкы, канаттуулар чарбасы, топоз багуудагы гибриддештирүү, айыл чарба жаныбарларын көбөйтүү биотехнологиясы жаатындагы бир катар актуалдуу изилдөөлөрдү жасап келет.  

Окумуштуу катары 350дөн ашуун илимий макалаларды жазып, беш монография, беш окуу куралы, төрт жогорку окуу жайлар үчүн окуу китебин, 30дан ашуун брошюра жана методикалык сунуштардын, алты патенттин ээси. Илимий жетекчилигинин астында беш кандидаттык жана үч доктордук диссертация корголгон. Учурда беш доктордук диссертациянын илимий кеңешчиси, жети кандидаттык диссертациянын жетекчиси болуп саналат. 

 

Photogallery