Орусиянын эки университети менен келишим түзүлдү

Main News

Орусиянын эки университети менен келишим түзүлдү

Image

Ош мамлекеттик университети менен Белгород мамлекеттик улуттук изилдөө университети жана Башкир мамлекеттик медициналык университети ортосунда эки тараптуу кызматташуу документи жетишилди. Келишимге 23-24-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтүп жаткан экинчи кыргыз-орус билим берүү форумунда кол коюлду. 

Документте академиялык алмашуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, студенттер жана окутуучулар менен алмашуу сыяктуу багыттарды өнүктүрүү каралган. Бул келишим Кыргызстан менен Орусиянын  ортосунда билим берүү, илим жана маданий алакаларды кеңейтүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Белгород мамлекеттик улуттук изилдөө университети Орусиядагы алдыңкы көп тармактуу жогорку окуу жайларынын бири. Учурда 25 миңге жакын студент билим алат. Окуу жай илимий-изилдөө иштерине, эл аралык кызматташтыкка жана инновациялык билим берүү программаларына өзгөчө көңүл бурат.

Ал эми Башкир мамлекеттик медициналык университети Башкортостандагы алдыңкы медициналык билим берүү жана илимий борборлорунун бири. Университетте медицина, педиатрия, стоматология, фармация, биотехнология жана башка багыттар боюнча адистер даярдалат. Окуу жай эл аралык кызматташтыкка чоң маани берип, чет өлкөлүк студенттерди да окутат жана дүйнөлүк деңгээлдеги илимий долбоорлорго катышып келет.

Кыргыз-орус билим берүү форумуна катышып жаткан ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Кыргызстандагы медициналык билим берүүнүн интернационалдаштырылышы, экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана билим берүү процессинде санариптештирүү, инновациялар боюнча баяндама жасайт. Ал презентациясында университеттин бул багыттар боюнча жасап жаткан тажрыйбасы менен бөлүшөт. 

 

Photogallery