Учурда ОшМУнун колледжерине 9-класстын базасында билим алууга бюджетке 48 орун, келишимдик төлөм менен билим алууга 755 орун бар.
Ал эми 11-класстын базасында келишимдик төлөм менен 599 орун жана дистанттык окууга 8 орун бар.
9-класстын базасында мектепке чейинки билим берүү адистигине бюджетке 8 орун бар.
Урматтуу абитуриенттер бюджеттик, келишимдик жана дистанттык окууга 9-11-класстын базасында кайсы алистиктерге орун бар экендигин Call-центр байланыш кызматы (996) 770111110 аркылуу биле аласыздар.
Учурда ОшМУда 2025-2026- окуу жылына кесиптик орто окуу жайларына кабыл алуунун (колледж) II туру жыйынтыкталды.
III тур – 4-август 6-август саат 17:00гө чейин;
IV тур – 11-август 13-август саат 17:00гө чейин;
V тур – 18-август 20 -август саат 17:00гө чейин болот.
Абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/ сайтына катталуусу керек.