Кыргызстандыктар үчүн Өзбекстанда грант менен окууга 20 орун бөлүндү

Main News

Кыргызстандыктар үчүн Өзбекстанда грант менен окууга 20 орун бөлүндү

Image

Кыргызстандын жарандары 2026–2027-окуу жылында Өзбекстандын жогорку окуу жайларында мамлекеттик гранттын негизинде акысыз билим ала алышат. Бул үчүн 20 орун бөлүнгөнүн аталган өлкөнүн Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлиги билдирди. 

Гранттык орундар бакалавриаттын алты багыты боюнча берилет. Талапкерлерди тандоо Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлөт. 

Кайсы багыттар боюнча орундар бар?

  • Мектепке чейинки билим берүү – 4 орун
  • Компьютердик инженерия – 4 орун
  • Агрономия –  4 орун
  • Суу чарбасы жана мелиорация – 2 орун
  • Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо – 2 орун
  • Курулуш инженериясы – 4 орун

Кандай документтер керек? 

Ош мамлекеттик университетинин кабыл алуу комиссиясына төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

  • толтурулган анкета;
  • аттестаттын же дипломдун көчүрмөсү;
  • улуттук паспорттун же чет өлкөгө чыгуу паспортунун көчүрмөсү;
  • жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн белгиленген формадагы медициналык маалымкат;
  • 3,5 × 4,5 см өлчөмүндөгү 6 түстүү сүрөт (JPEG форматында).

Кабыл алуу кандай өтөт?

Конкурска катышкан талапкер өзү тандаган окутуу тилин билиши керек. Ошондой эле эки профилдик сабактан сынак тапшырат. Анын жыйынтыгы беш балдык система менен бааланат. Өзбек тилинде окуй тургандар латын графикасын билүүсү зарыл. Анткени сабактар өзбек тилинин латын арибинде өтөт. Медициналык маалымкат Өзбекстанга кире турган күнгө чейин эки жумадан эрте эмес алынган болушу керек.

Документтер 22-августка чейин Ош шаарынын Алымбек датка көчөсү 331 дарегинде жайгашкан ОшМУнун башкы корпусунда (Кабыл алуу комиссиясы, №137-кабинет) кабыл алынат. Кирүү сынагы 24-августта саат 08:00дө башталат.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефон номерлерге байланышыңыз. (+996 770 111 110, +996 554 48 87 46)

WhatsApp: +996 770 111 110, +996 554 48 87 46

Электрондук почта: priem@oshsu.kg, npazylov@oshsu.kg, npazylov@oshsu.kg.