ОшМУ менен Кашгар университети кызматташат 

Main Events

ОшМУ менен Кашгар университети кызматташат 

Image

Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) Кытайдын Кашгар университети менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров кыргыз-кытай факультетинин деканы жана окутуучулар катышты. 

Тараптар эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты. Анын ичинде студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, тил курстарын ачуу, биргелешкен билим берүү программаларын ишке киргизүү маселелери каралды. Ошондой эле билим берүү жана кадрларды даярдоо боюнча тажрыйба алмашууга көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууну макулдашты. Ага ылайык, август айында Кашкар шаарында кызматташтык келишимине кол коюлат. Ага ОшМУнун өкүлдөрү чакырылды.

Кашгар университети Синьцзян-Уйгур автономиялуу районундагы эң ири жогорку окуу жайлардын бири. Анда 40 миңден ашуун студент окуп, 2300дөн ашык окутуучу иштейт.

 

Photogallery