Жаш окумуштуулар агроөнөр жай маселелерин эл аралык деңгээлде талкуулады

Main Events

Жаш окумуштуулар агроөнөр жай маселелерин эл аралык деңгээлде талкуулады

Image

15-апрелде Ош мамлекеттик университетинде “Агроөнөр жай комплексиндеги актуалдуу көйгөйлөр жана артыкчылыктуу багыттар” аттуу биринчи эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция өттү.

Конференциянын өзгөчөлүгү студенттер, магистранттар, жаш изилдөөчүлөр агрардык илим, ветеринардык медицина багыттарында өз изилдөөлөрүн сунуштап, илимий пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чара агроөнөр жай тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо, алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүү, жаш окумуштуулардын изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Конференцияга Өзбекстан жана Тажикстандан келген жогорку окуу жайлардын жана илимий мекемелердин өкүлдөрү катышып, эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашуу жүрдү.

Ачылышында профессор Абдугани Абдурасулов, илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор Дилмурат Турсунов, доцент Рахима Муратова, институттун жетекчилиги сөз сүйлөп, агрардык илимдин маанисин белгилешти. Конференциянын алкагында катышуучулар илимий баяндамаларды жасап, өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунушташты.

Иш-чара илим жумалыгынын алкагында агрономия, колдонмо геодезия, ветеринардык медицина жана биотехнология кафедраларынын базасында уюштурулду.

 

Photogallery