Студенттер эл аралык сынакта биринчи орунду багындырды

Main News

Студенттер эл аралык сынакта биринчи орунду багындырды

Image

ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун студенттери Омск мамлекеттик техникалык университетинде өткөн «Өндүрүштүк туризм. Аймактык бренддер» аттуу эл аралык сынакта мыкты жыйынтык көрсөтүп,  биринчи орунду ээлешти.

Сынакта кыргыз маданиятын, улуттук баалуулуктарды даңазалаган эки долбоор өзгөчө бааланды. “Аймактык бренд – кымыз” долбоорун Асема Кушбекова, Сайкал Токомбаева жана Табассум Хакимджанова даярдашты. Алар видеотасма аркылуу кымыздын жасалышын, дарылык касиетин жана улуттук мурас катары маанисин көрсөтүп беришти.

Дагы бир ийгиликтүү иш – “Аймактык бренд – кийиз” долбоору болду. Аны Арсен Айдаралиев, Спартак Болотов жана Иззатилло Ибрахимов иштеп чыккан. Анлар кийиздин салттуу жасалышы, турмуштагы колдонулушу жана заманбап форматтагы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу мазмундуу видеоматериал даярдашкан.

Студенттерди сынакка доцент Нургүл Султаналиева, окутуучу Ульзана Исламова даярдашкан.

Эл аралык сынакта ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттер, окутуучулар жана адистер катышып, долбоорлордун илимий деңгээли, практикалык мааниси, чыгармачыл чечими боюнча баа берилген. Уюштуруучулар белгилегендей, ар бир долбоор аймактын маданиятын, өндүрүштүк мурастарын жаңыча ачып көрсөткөн.