Аял ишкерлер санариптик трансформация боюнча окутуудан өтүп, жаңы көндүмдөргө ээ болду

Main Events

Аял ишкерлер санариптик трансформация боюнча окутуудан өтүп, жаңы көндүмдөргө ээ болду

Image

13–15-апрелде Ош шаарындагы мейманканалардын биринде аялдардын ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган “Women ICT Frontier Initiative (WIFI DX)” окутуу программасы өткөрүлдү.

Үч күнгө созулган тренингге стартапер айымдар, Ош мамлекеттик университетинин студенттери, окутуучулары катышып, санариптик технологияларды бизнеске колдонуу боюнча практикалык билим алышты. Мындан тышкары онлайн кардарларды тартуу, маалыматка негизделген чечим кабыл алуу, бизнес процесстерине жаңы технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.

Окутуунун негизги багыты аялдардын ишкердик потенциалын өнүктүрүү жана санариптик көндүмдөрүн күчөтүү болду. Программанын алкагында катышуучулар электрондук соода, санариптик маркетинг, маалыматтарды талдоо, жасалма интеллект боюнча билимдерин кеңейтти.

Иш-чара университеттин Бизнес паркы, APCICT/ESCAP (БУУ), UN Women жана Women in Tech уюмдарынын өнөктөштүгүндө уюштурулду. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, санариптик экономикада аялдардын ролун күчөтүүгө багытталган сунуштар берилди.






 

Photogallery