OshSU will enter the Eurasian Network University

Main News

OshSU will enter the Eurasian Network University

Image

Бүгүн, 25-майда Кыргыз экономикалык университетинде Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын ректорлорунун жыйыны өттү. Аталган жыйында  Евразиялык университеттер тармагын түзүү жана  евразиялык экономикалык интеграция багытындагы стратегияны ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Жыйынга КР Билим берүү жана илим министри жана Армения, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын жетектөөчү университеттеринин ректорлору катышты.

Жыйында Евразиялык тармактык университетке Кыргызстандан кайсы университеттер кирери белгилүү болду. Алар:

- Кыргыз экономикалык университети (негиздөөчүсү);

- Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети;

- Бишкек мамлекеттик университети,

- Кыргыз улуттук агрардык университети;

- Ош мамлекеттик университети.

 Евразиялык тармактык университетти түзүү идеясы Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьевдин иш сапарынын алкагында сунушталган.

 “Иш-чарада Евразиялык тармактык университеттерди түзүү жана ЕАЭБдин алкагындагы жогорку окуу жайлардын ортосундагы консорциумду калыптандыруу, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердеги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүүнү өнүктүрүү, биргелешкен онлайн программаларды жана мамлекеттер аралык аралыктан кесиптик билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгуу, кесиптик даярдоо жана эмгек ресурстарынын дасыгын жогорулатуу, ЕАЭБдин укуктук негизде бирдиктүү билим берүү мейкиндигин калыптандыруунун келечеги талкууланып, бир катар сунуш-пикирлер айтылды”, -дейт ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

Жыйындын соңунда ректорлор Евразиялык университеттер тармагын түзүү  жана анын андан аркы иш алып баруусун, кийинки иш-чаралардын форматын макулдашуу боюнча бир пикирге келүү жөнүндөгү Меморандумга коюшту.

Фото галерея