Medical clinic accreditation

Main News

Medical clinic accreditation

Image

ОшМУнун медициналык клиникасы Саламаттыкты сактоо уюмдарын аккредитациялоо боюнча байкоочу кеңештин чечими менен аккредитациядан өттү деп табылды. Биринчи категорияны ыйгаруу менен 3 жылдык мөөнөткө сертификат берилди.
Аккредитациялык комиссия клиниканын материалдык техникалык базасына жана андагы жүргүзүлүп жаткан иштерге жогорку баа беришти.
Медициналык клиника заманбап медициналык аппараттар менен жабдылган. Кардиолог, терапевт, ЛОР, офтальмолог, гинеколог, уролог, хирург, эндокринолог жана невропатолог сыяктуу жогорку квалификациялуу адистердин толук курамы бар.
Клиникада ОшМУнун кызматкерлери жана бардык студенттер үчүн атайын арзандатуулар  каралып, ар кандай профилдеги медициналык адистер акысыз кеңеш берет. Бейтаптардын өздөрүнүн электрондук медициналык китепчелери  түзүлүп, ал клиниканын базасында сакталат.

Фото галерея