Кыргыз-өзбек адабий байланыштарына арналган кече өттү

Main News

Кыргыз-өзбек адабий байланыштарына арналган кече өттү

Image

27-ноябрда ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде өзбек адабияты, журналистикасы жана котормо өнөрүнө арналган илимий-адабий кече өттү.

Иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө «Кыргызстандагы өзбек адабияты жана маданияты: адабият, изилдөө, билим берүү жана котормо маселелери» аттуу практикалык семинар уюштурулду. Анда Кыргызстандагы өзбек адабиятынын өнүгүшү, өзбек тилинде билим берген мектептердин окуу китептеринде жергиликтүү өзбек акындарынын чыгармаларынын берилиши, аларды окутуунун жолдору талкууланды. Ошондой эле кыргызстандык калемгерлердин чыгармаларын өзбек тилине которуу маселелери каралды.

Алишер Навои атындагы өзбек тили, адабияты жана маданияты борборунун ишмердүүлүгү да тааныштырылды. Мындан тышкары «Илхом» клубунун акындарынын чыгармачылыгы жана Кыргызстандагы өзбек адабияты менен маданиятын өнүктүрүүдө улуттук-маданий борборлордун ролу тууралуу баяндамалар жасалды. Катышуучуларга Кыргызстандагы өзбек акындарынын чыгармалары, окуу китептери, котормо адабияттары коюлган китеп көргөзмөсү да сунушталды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү «Руханий көпүрө жана илхам кареги: юбилей, поэзия жана котормо таануу» аттуу адабий-музыкалык кече менен уланды. Анда Кыргызстандын эл жазуучусу Абдугани Абдугафуровдун 85 жылдык мааракеси белгиленди. Кечеде жазуучунун журналистикага, адабиятка, кыргыз-өзбек элдеринин достугун чыңдоого кошкон салымы тууралуу маалымат берилди. Анын чыгармачылык жолу видеослайд аркылуу көрсөтүлүп, чыгармаларынан көркөм окуулар тартууланды. 

Ошондой эле З.М. Бабурдун «Бабурнаме» чыгармасынын кыргыз тилиндеги котормосунун бет ачары болду. Филология илимдеринин кандидаты Хосиятхон Бекмирзаева которгон эмгек орто кылымдардан бери эки элге орток болуп келген руханий мурастардын бири катары тааныштырылды. Катышуучулар котормонун адабий жана маданий мааниси тууралуу пикирлерин билдиришти. Мындан тышкары «Илхом» клубунун чыгармачылыгы тааныштырылып, анын адабий жана маданий байланыштарды өнүктүрүүдөгү орду белгиленди.

Кече кыргыз, өзбек элдеринин адабий мурастарын жайылтууга, котормо өнөрүн өнүктүрүүгө, илимий жана чыгармачылык байланыштарды кеңейтүүгө, эки элдин ортосундагы достукту бекемдөөгө багытталды. Иш-чараны кыргыз филологиясы жана журналистика факультети, Алишер Навои атындагы өзбек тили, адабияты жана маданияты борбору, Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдугу, Өзбек улуттук-маданий борбору биргеликте уюштурушту.




 

 

 

Photogallery