ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институтунун директору Ташболот Жороев «XXI кылымдагы билим берүү тенденциялары» темасында лекция окуп, билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр, заманбап талаптар жана жаңы өнүгүү багыттары тууралуу айтып берди.
Ал эми Коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева «Социалдык түйүндөрдө берилген кабар түрүндөгү тексттердин өзгөчөлүктөрү», «ОшМУнун заманбап өнүгүү модели жана стратегиялык келечеги» темаларында лекция өткөрдү.
Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин доценти Бактыгүл Байтикова «Каталардын түрлөрү. Стилдик каталар» темасында баяндама жасап, тилдик жана стилдик каталардын өзгөчөлүктөрүнө, аларды жазма коммуникацияда туура колдонууга токтолду.
Конок лекциялар жогорку окуу жайлардын академиялык байланыштарын бекемдөөгө, окутуучулардын кесиптик тажрыйбасын бөлүшүүгө жана билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталды.