5-октябрь Карылар күнүнө карата ОшМУнун Финансы-юридикалык коллежинин студенттери окутуучулары менен бирге шаардагы «Боорукердик» үйүнө барып, кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү.
Студенттер «Боорукердиктин» жашоочуларына жакшы каалоолорун билдирип, белектерин тапшырышты. Ошондой эле карыялар менен баарлашып, алардын турмуштук тажрыйбасына негизделген кеп-кеңештерин угушту.
Иш-чара улуу муунга көңүл буруп, аларга камкордук көрсөтүү, жаштарды боорукерликке, адамгерчиликке жана кайрымдуулукка үндөө максатында уюштурулду.