ОшМУнун медициналык борборунда операция жасалган бейтаптын жүрөгүнүн жыйрылуу фракциясы бир жылда 30–32%дан 60%га чейин калыбына келди.
61 жаштагы Диларам Тойчубаева Ноокат районунун тургуну. Ал 2024-жылы аталган борборго оор абалда кайрылган. Текшерүүдө анын жүрөгүнүн сол карынчасынын чыгаруу фракциясы 30–32% экени аныкталган. Тиешелүү даярдыктан кийин бейтапка иштеп жаткан жүрөккө аортокоронардык шунттоо (АКШ) операциясы жасалган. Операцияны кардиохирург Жакшылык Абдимиталипов аткарды.
«Бейтап бизге кайрылган учурда анын абалы олуттуу болчу. Буга чейин башка медициналык мекемелерге кайрылып, дарыланууга мүмкүнчүлүк ала алган эмес. Ошого карабастан биз бейтапты толук текшерүүдөн өткөрүп операцияга даярдоону чечтик. Ар бир бейтапка мүмкүн болушунча жардам берүү — биздин негизги милдетибиз», –дейт медициналык борбордун директору Жазгүл Иметова.
Операциядан кийин бейтап ак халатчандардын көзөмөлүндө болуп, дарылануусун уланткан. Арадан дээрлик бир жыл өткөн соң кайра текшерүүдөн өтүп, жүрөктүн жыйрылуу фракциясы 60%га жеткени аныкталган. Дарыгерлер мындай жыйынтыкка операциядан кийинки дарылануу, үзгүлтүксүз көзөмөл жана бейтаптын медициналык сунуштарды так аткаруусу да таасир эткенин белгилешет.