«Билим» мектебинде өзгөчө балдар үчүн эки инклюзивдик каана ачылды

Main News

«Билим» мектебинде өзгөчө балдар үчүн эки инклюзивдик каана ачылды

Image

20-апрелде ОшМУнун «Билим» жалпы билим берүү мектебинде өзгөчө муктаждыгы бар балдарды окутууга жана мугалимдерди даярдоого арналган эки жаңы инклюзивдик каана пайдаланууга берилди.

Кааналарды Кытай тарап заманбап жабдуулар менен толук камсыздады. Алардын катарында интерактивдүү такталар, реабилитациялык тренажерлор, логопедиялык-педагогикалык инновациялык куралдар бар.

Бул долбоор 2025-жылдын 22-апрелинде түзүлгөн «Синьцзян-Борбор Азия мектепке чейинки билим берүү альянсынын» алкагында ишке ашты. Альянска Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан жана Казакстандын педагогикалык окуу жайлары кирет. Максаты – мектепке чейинки жана орто билим берүүнү өнүктүрүү, өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн жеткиликтүү чөйрө түзүү болуп саналат.

Альянс боюнча келишимге Синьцзян педагогикалык институтунун ректору Мукаи Жаркынбек жана Анжиян педагогикалык институтунун ректору Бахтиёр Расулов кол койгон. 

Келечекте бул борбор төрт өлкөнүн педагогикалык окуу жайлары ортосунда тажрыйба алмашуу, бирдиктүү окуу программаларын түзүү аянтчасына айланат. Мындан тышкары аймакта инклюзивдик бала бакчаларды жана борборлорду ачууга негиз түзөт.

«Кытайлык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу жана алар берген заманбап техникалык база биздин окутуучуларга жана студенттерге эл аралык стандарттагы билим берүү усулдарын колдонууга жол ачат. Бул инклюзивдик коомду курууга карай ташталган чоң кадам», – деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

Кытай тараптын бул инвестициясы инклюзивдик билим берүү багытындагы алгачкы ири инфраструктуралык салым болуп калды.

Photogallery