«Бычмачы-тикмечи» курсунун алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды

Main News

«Бычмачы-тикмечи» курсунун алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды

Image

Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык коллежинин Алдыңкы тажрыйба борборунда уюштурулган «Бычмачы-тикмечи» кыска мөөнөттүү окуу курсунун алгачкы катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.

9-февралдан 9-мартка чейин өткөн курс 72 сааттык интенсивдүү программа менен жүргүзүлүп, аны 24 катышуучу ийгиликтүү аяктады. Курска университеттин окутуучулары, институт жана коллеж студенттери, ошондой эле мектеп окуучулары катышты.

Окуунун жүрүшүндө катышуучулар кийимдин чиймесин сызуудан тартып, аны толук тигип бүткөнгө чейинки негизги көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Бул курс кыска убакыттын ичинде жаңы кесиптик билим алып, аны практикада колдонууга мүмкүнчүлүк түзөт.

«Бычмачы-тикмечи» курсуна катышууну каалагандар Индустриалдык-педагогикалык коллежинин 304-кабинетине кайрылып, жазылса болот. Байланыш номерлери: 0707 20 62 69, 0773 74 24 24.

Photogallery