ОшМУ менен ЖАМУ социалдык иш адистигинин билим берүү программасын талкуулады

Main News

ОшМУ менен ЖАМУ социалдык иш адистигинин билим берүү программасын талкуулады

Image

10-мартта Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) Индустриалдык-педагогикалык коллеждин педагогика, психология жана социалдык иштер циклдык комиссиясынын окутуучулары менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) Экономикалык-юридикалык коллежинин өкүлдөрүнүн катышуусунда тажрыйба алмашуу жолугушуусу өттү.

Анда Экономикалык-юридикалык коллежинин директору Айнагүл Ташматова, социалдык иш предметтик циклдык комиссиясынын башчысы Наргиза Сатымкулова жана окутуучу Айтбү Анарбай кызы катышты. Иш-чаранын алкагында социалдык иш адистигинин билим берүү программасы талкууланды.

Талкууда эки окуу жайдын окутуучулары социалдык иш адистигинин окуу планы, дисциплиналардын мазмуну, студенттердин практикалык даярдыгын уюштуруу маселелери боюнча пикир алышты. Ошондой эле социалдык кызмат көрсөтүү мекемелери менен кызматташууну кеңейтүү, студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү, интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонуу маселелери каралды.

Жыйынтыгында билим берүү программаларын өркүндөтүү, практикалык окутууну күчөтүү жана окуу жайлар аралык кызматташууну улантуу боюнча сунуштар айтылды.














 

Photogallery