Тынчтыкбек Асилбеков: технология адамдардын жашоосун жеңилдетиши керек

Main Events

Тынчтыкбек Асилбеков: технология адамдардын жашоосун жеңилдетиши керек

Image

 Маалыматтык технологиялар бүгүнкү күндө коомдун өнүгүүсүнө багыт берген негизги тармактардын бирине айланды. Санариптештирүү, программалык камсыздоо, жасалма интеллект жана маалыматтык коопсуздук сыяктуу багыттар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, IT адистерине болгон талапты күчөтүүдө. Бул тармакта ийгиликке жетүү үчүн терең билим, тынымсыз изденүү жана практикалык тажрыйба зарыл.

Ош мамлекеттик университетинин инженер-программисти, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин окутуучусу Тынчтыкбек Асилбеков 2011-жылдан бери IT тармагында эмгектенип келет. Ал кесиптик ишмердүүлүгүндө программалоону, маалыматтык системаларды өнүктүрүүнү жана студенттерге заманбап технологияларды үйрөтүүнү айкалыштырып, университеттин санариптик өнүгүүсүнө, келечектеги IT адистерин даярдоого салым кошуп келет.

Маегибизде адис өзүнүн кесиптик жолу, окуу жайдагы санариптештирүү иштери, студенттердин стартап долбоорлору, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү жана IT тармагынын келечеги тууралуу ой бөлүштү.

- Алгач окурмандарга өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз. Кайсы жердин уулусуз, кайсы окуу жайлардан билим алгансыз?

- Мен 1990-жылы 23-июнда төрөлгөм. IT тармагында 2011-жылдан бери эмгектенип келем. Негизги кесиптик багыттарым программалык камсыздоону иштеп чыгуу, системалык администрлөө, маалыматтык технологиялар жана окутуучулук. 2008-жылы Ош технологиялык университетинин эсептөө машиналары, комплекстери, системалары жана тармактары адистиги боюнча билим алгам. Ал эми 2017-жылы Санкт-Петербургдагы Маалыматтык технологиялар, механика жана оптика боюнча улуттук изилдөө университетинин  информатика жана эсептөө техникасы багыты боюнча магистратураны аяктагам. Эмгек жолумда банк тармагында, мамлекеттик мекемелерде, билим берүү тармагында жана ар кандай IT-долбоорлорду ишке ашыруу багытында иштедим. Учурда Ош мамлекеттик университетинде инженер-программист, окутуучу болуп эмгектенем.

- IT тармагына болгон кызыгууңуз качан башталган? Балалыктагы кыялыңыз кандай эле?

- IT тармагына болгон кызыгуум мектепте окуп жүргөн кезимде эле башталган. Ал учурда физикага жана электроникага өзгөчө кызыкчумун. Ар кандай механизмдердин кантип иштээрин, аларды кантип башкарууга жана автоматташтырууга болорун түшүнүүгө аракет кылчумун. Мени өзгөчө кызыктырган нерсе адамдын катышуусун азайтып, белгилүү бир ишти өз алдынча аткара алган механизмдерди жана системаларды түзүү эле. Бул кызыгуум бара-бара техникага, андан соң программалоого болгон кызыгуумду арттырды. Анткени механизмдерди башкарууда, процесстерди автоматташтырууда жана техникалык түзүлүштөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө программалоонун маанисин түшүнө баштадым. Ошентип, физикага жана электроникага болгон кызыгуум программалоо жана маалыматтык технологиялар багытын тандоомо түрткү берген негизги факторлордун бири болду. Бүгүнкү күндө да технологиялардын жардамы менен реалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө жана ар кандай процесстерди автоматташтырууга умтулам.

- Учурда ОшМУдагы программалоо, системалык администрлөө жана окутуучулук ишмердүүлүгүңүз бири-бирин кандайча толуктайт?

- Бул үч багыт бири-бири менен тыгыз байланышта. Программист катары маалыматтык системаларды иштеп чыгам. Ал эми системалык администрлөө боюнча тажрыйбам ошол системалардын серверлерде, тармактарда жана маалыматтар базаларында туруктуу иштешин камсыз кылууга жардам берет. Мисалы, веб-системаны түзүүдө программалык код жазуу жетишсиз. Аны серверге жайгаштыруу, маалыматтар базасын туура уюштуруу, колдонуучулардын укуктарын башкаруу жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу да зарыл. Окутуучулук ишим аркылуу топтогон практикалык тажрыйбамды студенттер менен бөлүшөм. Теориялык билимди реалдуу долбоорлор менен айкалыштырып, алардын кесиптик даярдыгын өнүктүрүүгө аракет кылам.

- Университетте алынган теориялык билим менен IT тармагындагы практикалык талаптардын ортосунда кандай айырмачылыктар бар? Студенттер эмнеге көбүрөөк көңүл бурушу керек?

- Менин оюмча, IT тармагында ийгиликке жетүү үчүн эң негизгиси фундаменталдык билимдерди өздөштүрүү зарыл. Программалоонун негиздерин, компьютердик тармактарды, техникалык түзүлүштөрдүн иштөө принциптерин түшүнүү жана логикалык ой жүгүртүү өзгөчө маанилүү. Себеби, технологиялар жана программалоо тилдери тынымсыз өзгөрүп турат. Ал эми фундаменталдык билимдер адамга жаңы технологияларды тез өздөштүрүүгө, өз алдынча үйрөнүүгө жана ар кандай көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Керектүү программалоо тилдерин жана инструменттерди китептерден, интернеттен же башка булактардан үйрөнүүгө болот. Бирок логикалык ой жүгүртүү жана негизги принциптерди түшүнүү алда канча маанилүү. Фундаменталдык билим бекем болсо, жаңы технологияларды өздөштүрүү да жеңил болот.

- ОшМУда электрондук маалымкат берүү, электрондук документ жүгүртүү жана окуу процессин автоматташтыруу багытындагы системаларды иштеп чыгууга катышып келесиз. Бул долбоорлорду ишке ашыруу боюнча айта кетсениз?

- Электрондук документ жүгүртүү системасын иштеп чыгууда кездешкен негизги көйгөйлөрдүн бири документтердин файл түрүндө сакталышы болгон. Башкача айтканда, документтер көбүнчө PDF, Word же сканерленген сүрөт форматында сакталып, алардын ичиндеги маалыматтарды система автоматтык түрдө иштете алчу эмес. Ар бир документ өзүнчө файл катары сакталгандыктан алардын ортосунда байланыш түзүү, керектүү маалыматтарды издөө, чыпкалоо жана отчет даярдоо кыйынчылык жаратчу. Мисалы, белгилүү бир студентке тиешелүү бардык буйруктарды же резолюцияларды табуу үчүн файлдарды өз-өзүнчө ачып чыгууга туура келчү. Бул административдик иштердин натыйжалуулугун төмөндөтүп, кызматкерлердин иш жүгүн көбөйткөн. Бул маселени чечүү үчүн документтерди файлдык форматта гана сактабастан алардын мазмунун маалыматтар базасында өзүнчө талаалар түрүндө уюштуруу сунушталган. Мисалы, буйруктун номери, датасы, ким тарабынан берилгени, кимге тиешелүү экени, тексти жана статусу маалыматтар базасында өзүнчө сакталат. Натыйжада документтерди издөө, чыпкалоо, отчет түзүү жана өз ара байланыштыруу автоматташтырылат. Ошондой эле аларды оңдоо жана версияларын башкаруу жеңилдейт. Бул жерде маалыматтар базасынын туура түзүлүшү да чоң мааниге ээ. Студенттердин жеке маалыматтары, документтердин мазмуну, резолюциялар, буйруктар жана кызматтык каттар бирдиктүү маалымат базасында өз ара байланышта сакталат. Бул маалыматтардын тактыгын камсыз кылып, кайталануучу иштерди азайтат. Мындан тышкары AVN системасы менен интеграциялоо иштери жүргүзүлгөн. Студенттердин маалыматтарын эки системага кайра-кайра киргизбөө үчүн AVN системасындагы маалыматтарды автоматтык түрдө алуу жана документ жүгүртүү системасына интеграциялоо чечими ишке ашырылган. Натыйжада кол менен маалымат киргизүү азайып, алардын тактыгы жогорулаган.

- IT-долбоорду ишке ашырууда программист үчүн эң татаал нерсе эмне?

- Долбоордун баштапкы этабында көйгөйдү жана колдонуучунун талабын туура түшүнүү өзгөчө маанилүү. Эгер, система кандай максатта иштелип жатканы так аныкталбаса туура эмес чечимге көп убакыт жана ресурстар сарпталышы мүмкүн. Ошондуктан алгач иш процессин талдап, маалыматтардын агымын түшүнүп, системанын архитектурасын туура уюштуруу зарыл. Андан кийин ылайыктуу технологияларды тандоо, маалыматтар базасын оптималдаштыруу, коопсуздукту камсыз кылуу жана системаны сыноо талап кылынат. Ири долбоорлордо команда менен иштөө жана башка системалар менен интеграциялоо да чоң мааниге ээ. Менин оюмча, программисттин милдети жөн гана код жазуу эмес, көйгөйдү туура түшүнүп, ишенимдүү жана натыйжалуу чечим сунуштоо.

- Программалоону жаңыдан үйрөнүп жаткан студент эмнеден башташы керек?

- Жаңыдан баштап жаткан студент программалоону C++ тилинен баштоо туура. Анткени бул тил өзгөрмөлөр, шарттуу операторлор, циклдер, функциялар, массивдер жана алгоритмдер сыяктуу негизги түшүнүктөрдү терең өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле эс тутумду башкаруу, көрсөткүчтөр жана объектке багытталган программалоо сыяктуу маанилүү темаларды түшүнүүгө жардам берет. C++ тилинде колдонулган көптөгөн программалоо конструкциялары башка заманбап тилдерде да кездешет. Мисалы, өзгөрмөлөрдү жарыялоо, шарттуу операторлор, циклдер жана функциялар Java, C#, JavaScript, PHP жана Python тилдеринде да колдонулат. Ошондуктан C++ тилинде негизги принциптерди өздөштүргөн студент башка тилдерди үйрөнүүдө да жеңилирээк жолду басып өтөт. Андан кийин кызыккан багытына жараша программалоо тилин тандаса болот. Мисалы, веб-программалоо үчүн PHP, JavaScript жана SQL технологияларын үйрөнүү пайдалуу. Менин кесиптик тажрыйбамда Laravel, PHP, JavaScript, C#, SQL жана маалыматтар базалары менен иштөө маанилүү орунду ээлейт. Бирок программалоо тилин үйрөнүү менен гана чектелбөө керек. Студент өз алдынча чакан долбоорлорду иштеп чыгууга аракет кылышы зарыл. Мисалы, маалыматтарды каттоо системасын, электрондук маалымкат кызматын же чакан маалыматтар базасын башкаруучу тиркемени түзсө болот. Эң негизгиси даяр кодду көчүрүп алуу эмес, анын иштөө логикасын түшүнүү жана каталарды өз алдынча табууга үйрөнүүсү зарыл.

- IT адиси үчүн чет тилдерди билүү канчалык маанилүү? Өзүңүз кайсы тилдерди билесиз?

- IT адиси үчүн чет тилдерди билүү абдан маанилүү. Айрыкча англис тили программалоо боюнча расмий документацияларды, технологиялык жаңылыктарды жана эл аралык окуу материалдарын түшүнүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берет. Мен кыргыз, орус жана англис тилдерин билем. Кыргыз тили — эне тилим, орус жана англис тилдерин эркин деңгээлде колдоном. Мындан тышкары, IT адиси техникалык маалыматты башкаларга түшүнүктүү жеткире алышы керек. Команда менен иштөөдө, колдонуучулардын талаптарын талдоодо жана системаларды колдонуу боюнча түшүндүрмө берүүдө тил билүү чоң роль ойнойт.

- Сиз окуткан студенттердин арасынан ийгиликке жетишкендер тууралуу айтып берсеңиз. Алардын кандай долбоорлору жана жетишкендиктери бар?

- Мен үчүн студенттердин ийгилиги алган билимин иш жүзүндө колдонуп, өз алдынча долбоор иштеп чыгууга жана реалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө умтулуусу. Окутуучулук ишимде студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана программалоого болгон кызыгуусун арттырууга өзгөчө көңүл бурам. Долбоордук иштер аркылуу студенттер теориялык билимдерин бекемдеп гана тим болбостон, көйгөйдү талдоо, программалык чечим түзүү жана өз эмгегинин натыйжасын көрсөтүү тажрыйбасын да топтошот. Менин студенттерим республикалык жана эл аралык сынактарда, хакатондордо жана стартап программаларында бир катар ийгиликтерге жетишкен. Алардын айрымдарын атап өтсөм:

«G-TECH» IT-компаниясы. Студенттерибиз негиздеген бул компания 2024-жылы «Vizitka Magazine Awards» сыйлыгында «Жылдын мыкты IT-компаниясы» наамын алган жана «Accelerate Prosperity» программасынын алкагында «Жылдын мыкты жаш ишкери — 2024» номинациясына көрсөтүлгөн.

EXPO 2024 жаштар стартаптарынын көргөзмөсү. Студенттерибиз 3-орунду ээлеп, «Мыкты инновациялык долбоор» номинациясын жеңип алышкан. Иш-чара Enactus Кыргызстан тарабынан Ысык-Көлдө уюштурулган.

«Студенттик стартап» программасы. PARKING.G долбоору менен 989 687 сом, ал эми GFace Social долбоору менен 740 000 сом өлчөмүндө грант утуп алышкан. Программа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен өткөрүлгөн.

«Стартап-Нация» хакатону. 2023-жылы Бишкек шаарында өткөн, 250 команда катышкан мелдеште студенттерибиз 5 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү грантка ээ болушкан.

BATKEN 4.0 хакатону. 2025-жылы студенттик команда 2-орунду ээлеп, 60 000 сом байгеге ээ болгон.

Кыргыз-Герман институтунун күзгү хакатону. РСК банкы үчүн иштелип чыккан «Электрондук кезек» микросервистик долбоору 3-орунду алган.

ОшМУнун Бизнес-паркы. «Smart – барье» долбоору менен USAID тарабынан 2 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү грант утуп алынган.

Digital Valley IT Camp. Студенттерибиз Өзбекстандын Ханабад шаарында өткөн эл аралык IT лагерге катышып, тажрыйба алмашышкан.

dastorkon.kg платформасы. Студенттер тарабынан ресторандар үчүн иштелип чыккан онлайн платформа. Бул жетишкендиктер студенттердин практикалык көндүмдөрүнүн, долбоордук иштөө жөндөмүнүн жана инновациялык ой жүгүртүүсүнүн натыйжасы деп эсептейм.

- Системалык администрлөө жана маалыматтык коопсуздук багытында да тажрыйбаңыз бар. Азыркы учурда окутуучулар жана студенттер маалыматтык коопсуздук боюнча эмнелерди билиши керек?

- Мен системалык администрлөө жана маалыматтык коопсуздук багытында ар кандай мекемелерде иштегем. Банк тармагында компьютердик жана тармактык инфраструктураны тейлөө, маалыматтык коопсуздук жол-жоболорун ишке ашыруу жана системалардагы алсыздыктарды аныктоо иштерине катышкам. Азыркы учурда окутуучулар менен студенттер эң оболу жеке маалыматтарды коргоону, күчтүү сырсөздөрдү колдонууну, фишингдик билдирүүлөрдөн сактанууну жана маалыматтардын резервдик көчүрмөлөрүн түзүүнү билиши керек. Ал эми IT адистери серверлерди коопсуз конфигурациялоону, колдонуучулардын укуктарын туура бөлүштүрүүнү, тармактык трафикти көзөмөлдөөнү жана системалардагы каталарды өз убагында аныктоону үйрөнүшү зарыл. Маалыматтык коопсуздук техникалык каражаттар менен гана чектелбейт. Ал туура уюштурулган иш процесстерин жана ар бир колдонуучунун жоопкерчилигин да талап кылат.

- Технологиялар өтө тездик менен өзгөрүп жаткан учурда IT тармагындагы жаңылыктардан артта калбоо үчүн эмне кылуу керек?

- IT тармагында иштеген адам дайыма үйрөнүп турушу керек. Эмгек жолумда программалоодон тышкары серверлерди башкаруу, маалыматтар базалары, компьютердик тармактар, веб-технологиялар жана маалыматтарды интеграциялоо багыттарында тажрыйба топтодум. Жаңы технологияларды өздөштүрүүдө расмий документацияларды окуу, практикалык тапшырмаларды аткаруу жана аларды реалдуу долбоорлордо колдонуп көрүү маанилүү. Ошондой эле ар бир жаңы технологияны сөзсүз колдонууга шашылбастан, анын конкреттүү маселени чечүүгө канчалык ылайыктуу экенин түшүнүү керек. Технологияны тандоодо анын ишенимдүүлүгү, коопсуздугу, өндүрүмдүүлүгү жана келечекте колдоого алынышы эске алынууга тийиш.

-  Жасалма интеллекттин өнүгүшү программисттердин жана IT адистеринин ишине кандай өзгөрүүлөрдү алып келүүдө?

- Жасалма интеллект бүгүнкү күндө программисттин ишиндеги маанилүү куралдардын бирине айланды. Код жазуу, каталарды аныктоо, документация даярдоо, маалыматтарды талдоо жана кайталануучу иштерди автоматташтыруу сыяктуу багыттарда AI адистин убактысын үнөмдөп, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда. Менин пикиримде, заманбап IT адиси жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалана билиши керек. Анткени бул технологиялар кесиптик иштин ажырагыс бөлүгүнө айланып баратат. Бирок бул жерде эске ала турган маанилүү жагдай бар. Эгер программист жасалма интеллектке ашыкча таянып, программалоонун фундаменталдык негиздерин — алгоритмдерди, маалымат структураларын, системанын архитектурасын, маалыматтар базасын, тармактык протоколдорду жана коопсуздук принциптерин жетиштүү өздөштүрбөсө, анда ал өз долбоорун толук түшүнө албай калышы мүмкүн. Мындай учурда AI сунуштаган кодду текшерүү, катанын себебин аныктоо жана системанын иштөө логикасын түшүнүү кыйын болот. Ошондуктан эң туура ыкма жасалма интеллектти жардамчы курал катары колдонуу менен бирге, өз билимиңди жана кесиптик жөндөмүңдү өнүктүрүүнү улантуу. AI сунуштаган натыйжанын тууралыгын, коопсуздугун жана практикалык жактан жарамдуулугун адис өзү баалай билиши зарыл. Жыйынтыктап айтканда, жасалма интеллект программисттин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен күчтүү курал. Бирок чечим кабыл алган жана анын жоопкерчилигин тарткан адис программисттин өзү болот.

- IT тармагынан тышкары дагы кандай кызыгууларыңыз бар? Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?

- IT тармагы менин негизги кесиптик багытым болгону менен, андан тышкары мени кызыктырган бир нече нерсе бар. Алардын бири багбанчылык. Жер айдап, өсүмдүктөрдү өстүрүү, айрыкча мөмө-жемиш бактарын багуу мага жагымдуу. Бул иш адамды сабырдуулукка жана табият менен шайкеш жашоого үйрөтөт. Мындан тышкары саякаттоону жакшы көрөм. Жаңы жерлерди көрүү, ар кандай маданияттар менен таанышуу жана адамдардын жашоо образын байкоо дүйнө таанымды кеңейтип, жаңы идеяларга шыктандырат. Саякат учурунда ар кайсы өлкөлөрдүн IT инфраструктурасына, санариптештирүү деңгээлине жана технологиялык чечимдерине да көңүл бурам.

- Сиз үчүн ийгилик деген эмне? Кесиптик жетишкендиктерден тышкары жашоодо эмнелерди баалайсыз?

- Мен үчүн ийгилик жөн гана карьералык өсүү же материалдык байлык эмес. Ийгилик иштеп чыккан системаң реалдуу көйгөйдү чечип, адамдардын ишин жеңилдетип, узак мөөнөттүү пайда алып келгенде көрүнөт. Мисалы, электрондук маалымкат берүү же документ жүгүртүү системасын иштеп чыгууда негизги максат жөн гана программа түзүү эмес, көп убакытты талап кылган иштерди автоматташтыруу жана маалыматтарды башкарууну жеңилдетүү болгон. Эгер ошол система бүгүнкү күндө да үзгүлтүксүз иштеп, адамдарга пайдасын тийгизип жатса, бул мен үчүн чоң жетишкендик. Ал эми кесиптик ийгиликтерден тышкары мен үчүн эң чоң байлык үй-бүлө. Үй-бүлө адамдын жашоосундагы негизги таяныч жана жылуу баш калкалоочу жай. Канчалык ийгиликке жетпейли, жакындарыбыздын ден соолугу, үй-бүлөдөгү ынтымак жана жылуулук баа жеткис нерсе. Үй-бүлөм мага күч-кубат берип, ишимдеги кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет. Балдарымды тарбиялоо, ата-энеме кам көрүү, жубайым менен ынтымакта жашоо мен үчүн жашоодогу эң маанилүү баалуулуктардын бири.

- IT тармагында карьерасын баштоону каалаган студенттерге кандай кеңеш берет элеңиз?

- Биринчиден, программалоонун негиздерин терең үйрөнүүгө аракет кылышсын. Бир нече технологияны үстүртөн билгенден көрө, тандаган багытын жакшы өздөштүрүү маанилүү. Экинчиден, теориялык билимди практика менен айкалыштыруу зарыл. Өз долбоорлорун иштеп чыгуу, маалыматтар базасын түзүү, серверде тиркемени иштетүү жана системаны сыноо студентке реалдуу тажрыйба берет. Үчүнчүдөн, программалоо менен катар компьютердик тармактарды, маалыматтык коопсуздукту жана маалыматтарды башкарууну да үйрөнүү пайдалуу. Бул багыттар бири-бири менен тыгыз байланышта. Төртүнчүдөн, ката кетирүүдөн коркпоо керек. Программалоону үйрөнүүдө ката кетирүү табигый көрүнүш. Эң маанилүүсү анын себебин табуу жана өз алдынча оңдоону үйрөнүү. Акырында технологиялык жаңылыктарга кызыгып, билимди дайыма жаңылап туруу зарыл. IT тармагында ийгиликке жетүү үчүн туруктуу эмгек, практикалык тажрыйба жана өз алдынча ой жүгүртүү чоң мааниге ээ.

- Алдыда кандай пландарыңыз жана максаттарыңыз бар?

- Алдыдагы пландарымдын арасында билим берүү мекемелериндеги маалыматтык системаларды өнүктүрүү, иш процесстерин автоматташтыруу жана программалык чечимдердин натыйжалуулугун жогорулатуу багыттары бар. Ошондой эле маалыматтарды талдоо, нейрондук тармактар, жасалма интеллект жана программалык камсыздоону иштеп чыгуу багыттарындагы билимимди тереңдетүүгө кызыгам. Мен үчүн негизги максатым программалоо, маалыматтык системалар жана жаңы технологиялар боюнча топтогон тажрыйбамды практикалык натыйжага айландыруу жана билим берүү тармагынын санариптик өнүгүшүнө салым кошуу.

 

Маектешкен:   Зинагул Нуралиева

Photogallery