Чех университетинин докторанты, археолог Акжол: "Айылыбызда мектеп жок, күнүнө 7 чакырым басып, коңшу мектептен билим алгам"

Main News

Чех университетинин докторанты, археолог Акжол: "Айылыбызда мектеп жок, күнүнө 7 чакырым басып, коңшу мектептен билим алгам"

Image

Досназаров Акжол 1997-жылы Баткен районунун Ак-Өтөк айылында туулган. 2020- жылдан бери Чехияда археология багытында билим алып, илимий иштер менен алек болуп келет. Ал  Батыш Чех университетинде магистратураны археология багыты боюнча ийгиликтүү аяктап, ушул эле университетте Ph.Dr докторантурада билим алуусун улантууда.

Азыркы учурда Түштүк Кыргызстандын аймагы боюнча байыркы жер иштетүүчү маданиятка таандык эстеликтер боюнча докторлук диссертациясынын  үстүндө иштеп жатат.

Кыргызстандык археолог  буга чейин Өзбекстан, Кыргызстан, Германия,  Польша, Чехиянын аймагындагы жүргүзүлгөн эл аралык экспедицияларга катышып келген. Азыркы учурда Ош облусунда чех- кыргыз  биргелешкен команда менен археологиялык изилдөөлөргө катышууда.

Жаш илимпоз Limon Media порталына берген маегинде Кыргызстандагы археологиялык мурастарды сактоо жана изилдөө жаатындагы көйгөйлөр, келечектеги пландары тууралуу окурмандар менен ой бөлүшөт.

L. Акжол, саламатсызбы? Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Бала чагыңыз кандай өткөн? Мектепте кандай окугансыз?

Биздин айыл чек арага жакын жайгашкан. Балалыгым туулган айылымда эле өттү. Ата-энем жөнөкөй дыйкандар. Биз көп балалуу үй-бүлөдө чоңойдук: үч байкем жана эки эжем бар. Мен эң кенжесимин.

Айылыбызда мектеп жок болгондуктан, 3,5 чакырым алыстыкта жайгашкан коңшу айылдагы мектепке барып окучубуз. Күнүнө 7 чакырым жолду басып, билим алууга каттап турчубуз. Мектепте окуп жүргөндө гуманитардык сабактарга өзгөчө кызыгуум бар эле: география, тарых жана адабият сабактары абдан жакчу. Ошол кездерде жаттаган Жеңижоктун ырлары азыр да эсимде. Тарых сабагынан райондук олимпиадага биринчи жолу катышып, 3-орунду алгам.

 

L.Мектепти бүтүргөн соң, кайсы окуу жайын тандадыңыз? Окуу процесси кандай өттү?

11-классты аяктап, Ош мамлекеттик университетине тарых адистигине тапшыргам.

Университетте окуп жүрүп,  2016-жылдан тарта археологиялык илимий экспедицияларга катыша баштадым. Алгачкы жолу катышкан экспедицияга Канада, Германия жана  Польшанын университеттеринен изилдөөчүлөр келген. Бул экспедиция мен үчүн аябай таасирдүү болуп, археологияга болгон кызыгуум күчөгөн.

 Мен  1-курстан 4-курска чейин ар кандай археологиялык изилдөөлөргө катышып, Өзбекстандагы, Кыргызстандын аймагында чет элдик адистер менен иштешип, археология илимине баш-отум менен кирдим десем болот.

2017-жылы ОшМУ менен Европадагы көптөгөн университеттердин арасында геологиялык мобилдүүлүк боюнча келишим түзүлгөн. Бул келишимдин аркасында учурда студенттер Европага келип, айлык такшалмадан өтүшөт.

Мен ал такшалмадан 2018-жылы өткөм. Бул жактан археологдор мага Чехиядан магистратураны окууну сунушташты.

2019-жылы ОшМУну аяктаган соң, Чех университетине экзамен тапшырып, аңгемелешүүдөн өтүп, магистратурага кабыл алындым. Бирок 2020-жылы Бишкекте Чехиянын элчилиги жок болгондуктан, виза алуу иштери кечеңдеп кетти. Бул үчүн Астанага барууга туура келди. Виза февралда колума тийип,  20-мартта Чехияга келдим. Бирок бул мезгил пандемияга туш келип калып, онлайн окуп калдык. Бир жыл жатакананын ичинде жашап, сыртка чыккан эмеспиз.

Бизге кыйын эле болгон, анткени дүкөнгө же коомдук жайга кирип калсак, жеке коопсуздугуна чоочулаган адамдардын күмөн санап карагандарына көнө албай көпкө кыйналып жүрдүк. Себеби Бишкекте карантин Европадагыдай катуу тартипте болбогондуктан,  бул бизге аябай эле өөн учураган.

 

L. Чех университетинде билим алуу эмнеси менен өзгөчөлөнөт экен?

Окуу чех тилинде болду. Негизи англис тилинде да жүргузүлөт. Бирок англис тилинде билим алууну тандасаң, ал контракттык негизде болуп калат. Бул жактан студенттер өздөрү каалагандай окуу планын түзө алышат. Бир эле мезгилде тилди үйрөнүү менен, сабактарга  жазылып, мөөнөтүнөн эрте  сынактарды да тапшырып  салса болот. Мындай учурда  курстан курска эртерээк өткөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 

L.  Европалык университетте билим алуу кыйынчылык жараттыбы?

Археология жаатында негизинен техникалык жана теориялык аспектилерди үйрөндүм. Кыргызстанда жүргөндө археологиялык экспедицияларга катышып, карта түзүү жана AutoCAD программасы менен иштөөгө аз да болсо тажрыйба топтогондуктан, техникалык сабактарды оңой өздөштүрдүм. Бирок Европанын археологиясын теориялык жактан окуу кыйын болду, анткени тилди толук өздөштүрө элек болчумун. Ошентсе да, окуу жылынын аягына чейин чех тилин жакшы деңгээлде үйрөнүп чыктым. Бизде окуудан башка иштер менен алектенүү муктаждыгы жок болгондуктан, университетти эч кандай кыйынчылыгы жок аяктадым деп ойлойм.

Ошондой эле,  "Чехиянын аймагындагы 15-16-кылымдарда пайда болгон айылдардын коммуникациялык байланышы" деген проектке катышып, анын эсебинен стипендия жана жатакана чыгымдары камсыз болду. Чехиядагы крайларда (биздеги облустар сыяктуу) чакан археологиялык казууларды жүргүзгөнбүз. Айылдардын бири-бири менен кантип байланышканы, соода тармагынын кандай иштегени жана товарлардын алмашуусу кандай болгондугу боюнча анализ жүргүзүп, изилдөө иштерин жасаганбыз.

 

L. Магистратураны аяктап, докторантурага тапшырдыңызбы?

Магистратураны аяктагандан кийин, мага докторантураны Кыргызстанга кетпей эле улантууну сунушташты. Мен бул сунушту кабыл алдым. Азыркы учурда Чехия, Польша жана Германияда бир нече проекттерибиз бар. Бул проекттердин негизги темасы Сталин менен Гитлердин доорундагы Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы концлагерлерге (туткундар лагери) байланыштуу. 1950-жылдары бул жерлер сүрүлүп, көптөгөн документтер жок кылынган, бирок археология илими аларды казып, изилдеп, реконструкция кылуу менен алектенүүдө. Учурда Чехиянын, Польшанын жана Германиянын аймагындагы бир нече лагерде изилдөөлөр жүрүп жатат.

Ошондой эле, диссертациялык темама байланыштуу Ош шаарына жакын жайгашкан Ак-Жар айылында чех-кыргыз биргелешкен изилдөөлөр да жүргүзүлүүдө. Бул жер Улуу Жибек жолу менен байланышкан обьект болуп саналат. Баарыбызга белгилүү болгондой, Улуу Жибек жолу Батыш менен Чыгышты байланыштырып турган соода жолу гана эмес, маданий, экономикалык жана цивилизациялык алмашуунун негизги каттамы болгон. Бүгүнкү күндө Кытай бул жолду калыбына келтирүүгө аракет жасоодо. Ал эми биз ушул маанилүү тарыхый маршрут боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул жерде археоботаниктер, зоологдор, геологдор жана археологдор менен биргелешип комплекстүү изилдөөлөр өтүүдө.

Менин диссертациялык темам коло доорунан темир дооруна чейинки доорлорду камтыйт жана совет мезгилинде бул темада көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Ал кезде өлкөлөр арасында чек аралар болбогондугуна байланыштуу, табылгалардын көпчүлүгү Эрмитаж музейине өтүп кеткен. Биз азыркы учурда кыска мөөнөттөгү изилдөө максатында жаңы проект иштеп чыгып жатабыз, анын максаты - бул аймактагы археологиялык табылгаларды кайрадан изилдөө болуп саналат.

 

L. Бул иштер доктордук изилдөө иштериңиздин алкагында жүргүзүлүп жатабы?

Ооба, азыр докторлук диссертациямды жазып жатам, аны комиссиянын алдында коргогондон кийин мага докторлук наам ыйгарылат.

 

L. Кыргызстанда "илим доктору" дегенде көбүнчө улуу муундагы, көп жылдык тажрыйбасы бар илимпоздор элестелет. Мисал катары сизди алалы, Европада докторлук ишиңиз менен  27 жашыңызда алек болуп жатасыз. Кыргызстандагы жана Европадагы билим берүү системаларынын айырмачылыктары кандай экен?

Бизде билим берүү системасы чар-жайыт, советтик жана Батыштан алынган Болон системалары аралашып калган. Мурда студенттер беш жыл окуп, андан кийин аспирантурага тапшырчу. Азыр болсо төрт жылдык бакалаврдан соң магистратурага өтүп жатышат. Европада болсо бакалаврды үч жылда аяктап, андан кийин эки жыл магистратура окууга болот, ал эми PhD программасы төрт жылга созулат. Негизги айырмачылык — советтик система менен Болон системасынын убакыт структурасында. Болон системасында докторант окуу планын өзүнө ыңгайлаштырып түзө алат жана диссертациялык комиссиянын макулдугун алгандан кийин изилдөө иштерин эркин уланта берет.

 

L. Кыргызстандан археология боюнча окутуу усулу кандай эле? Магистратурага барганда кандай айырмачылыктарды байкадыңыз?

Мен ОшМУда археология боюнча эмес, тарых боюнча билим алгам. Тарых факультети негизинен педагогдорду даярдап чыгарат. Бирок эгер каалооң болсо, этнография, музей иши же археология багытын улантып, ошол тармактарга адистешүү мүмкүнчүлүгү бар. Бизде тарых факультетинин бакалаврын аяктагандан кийин көбүнчө тарых же гуманитардык илимдер жаатында эле иш улантууга багыт берилет. Ал эми Европада болсо, бакалавр гуманитардык багытта болсо да, магистратураны техникалык же башка кесиптик багыттарда улантууга мүмкүнчүлүктөр кеңири.

Кыргызстандагы негизги кыйынчылык – профилдердин өтө тар болушунда жана тандоо мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экендигинде. Биздин билим берүү системасы боюнча, эгер студент сабакка келе албай калса, өзүнчө тапшырмалар берилип, күч менен болсо да окууга тартышат эмеспи. Ал эми Европада студенттерге толук эркиндик берилет, алар өз билим алуу жолдорун өздөрү аныкташат. Бул жакта санына эмес, сапатына басым жасалат. Мисалы, Чехияда окуу жылы башында 100-150 студент кабыл алынат, бирок окуу аягына чейин болгону 12-15 студент гана калат. Бул – чындап окууга умтулган, өз кесибине берилген адистер гана окууну аягына чыгаргандыгынын көрсөткүчү. Натыйжада, өз ишин жакшы билген, чыныгы адистер даярдалат.

 

L. Археологиялык изилдөөлөрдө жүрүп, кандай ачылыштарга күбө болдуңуз?

Ар бир изилдөө өзгөчө кызыктуу жана ар биринен жаңы ачылыштарды жасайбыз. Айрыкча, Чехиядагы неолит дооруна таандык археологиялык изилдөөнү өзгөчө белгилеп кетүүгө болот. Бул жерде, дүйнөдө биринчи жолу чоподон адамдын сөлөкөтүн жасаган маданиятка тиешелүү табылгалар бар. Бул маанилүү археологиялык обьект Чехиянын Маралия шаарында жайгашкан жана ал жердеги маданият өзүнүн уникалдуулугу менен тарых жана археология илиминде олуттуу орунду ээлейт.

 

L. Фашисттик Германиянын концлагерлери боюнча долбоордо жүргөндө Кыргызстан менен байланышкан окуяларга туш болдуңузбу?

Ал жерде негизинен археологдор концлагерлердин түзүлүшүн жана табылган буюмдардын колдонулушун гана изилдей алышат. Имараттар толугу менен жок кылынгандыктан, биздин изилдөөлөр "Бул имарат кандай курулган?", "Функциясы кандай болгон?", "Ал жерде эмнелер бар болчу?" деген суроолордун тегерегинде жүргүзүлөт. Ал эми "Кайсы элдер кармалган?", "Кимдер ал жерде иштеген?" деген суроолорду башка адистер изилдешет.

 

L. Кыргызстандагы археологиялык изилдөөлөрүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

Окуумду бүткөндөн кийин Кыргызстанга кайтууну ниеттенип жатам. Байыркы кыргыздардын тарыхы, тактап айтканда, 10-кылымга чейинки мезгил жакшы изилдене элек. Кыргызстандагы тарыхчылар көбүнчө 14-15-кылымдарга көңүл бурушат. Биздин аймак географиялык жактан да өзгөчө мааниге ээ, анткени Улуу Жибек жолу дал ушул аймак аркылуу өткөн. Бул жол элдердин маданий жана соода-экономикалык байланыштарын түзгөн маанилүү тарыхый каттам болуп саналат. Жибек жолу боюнда мамлекеттер түзүлүп, шаарлар пайда болгон.

Кытай жазма булактарында Фергана өрөөнүнүн түштүк тарабында жайгашкан Даван мамлекети чакан жана ири шаарлары менен жеке ишкердикке жакын өнүккөн деп айтылат. Бул шаарлар Кыргызстандын аймагында болушу мүмкүн. Мурдагы советтик доордо да, кытай жазма булактарындагы ири шаарларды синологдор көбүнчө Өзгөн же Ош аймагына локализациялоого аракет кылышкан. Учурда Оштогу изилдөөлөрүбүз ушул болжолдун башаты десем болот, жана бул иш албетте уланмакчы. Келечекте түштүк аймактарды эле эмес, бүтүндөй Кыргызстандын аймагындагы байыркы мезгилге таандык археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү пландап жатам.

Кыргызстанда көпчүлүк туризмди өнүктүрүүнү айтып келет, бирок, тилекке каршы, тарыхый археологиялык эстеликтер жөнүндө кеп козголбойт. Чынында, тарыхый эстеликтер туристтерди өзүнө тарта ала турган эң негизги объекттердин бири болуп эсептелет. Анткени, чет элдиктерди биздин аймакта 2000–10000 жыл мурда кандай элдер жашаганы, алардын маданияты, күнүмдүк жашоосу абдан кызыктырат. Мисалы, Түркия жана Европада тарыхый эстеликтерге көңүл бөлүнгөндүктөн, ал аймактарда туризм өнүгүп, адамдар бул жерлерди көрүүгө куштар. Кыргызстанда да тарыхый эстеликтерди изилдеп, ата-бабаларыбыздын жашоосун билүү, аны сактап, келечек муунга өткөрүп берүү - биз үчүн чоң милдет.

 

L. Кыргызстандагы кайсы археологиялык маданий курулушту маанилүү деп эсептейсиз?

Кыргызстандагы ар бир археологиялык курулуш жана ар бир объект өтө баалуу жана маанилүү. Ар бир курулуш өзүнчө бир дүйнө сыяктуу, ал орто кылымга таандык болобу, мавзолей же мечит болобу, баары өзүндө терең тарыхый маалыматты камтып турат. Ар бир обьект өзүнүн өзгөчө тарыхын "сүйлөйт," өзүнчө маалымат берип, ошол доордун элестерин жеткирип турат. Ошондуктан биз ар бир обьектти сактап, кылдаттык менен изилдөөгө милдеттүүбүз.

 

L. Жер алдында калган археологиялык объекттерди кантип табасыздар? Казуу иштери кандай жүргүзүлөт?

Жаңы табылган обьекттер өзүнүн формасы менен айырмаланып турат, жана биз аларды чалгындоо, изилдөө аркылуу документтештирип, карта түзүп, андан соң терең изилдөөлөрдү баштайбыз.

Изилдөө жүргүзүү үчүн өкмөттөн атайын лицензия талап кылынат. Археологиялык казуулар бүткөндөн кийин табылган буюмдар мамлекеттин менчигинде калат. Азыркы илимдин өнүгүшүнө байланыштуу, химиялык жана физикалык анализдер аркылуу комплекстүү үлгүлөр алынат, калган табылгалар мамлекетке өткөрүлөт. Алынган үлгүлөр аркылуу буюмдун кайсы мезгилге жана кайсы маданиятка таандык экенин аныктай алабыз.

 

L. Кандай археологиялык изилдөө жүргүзгүңүз келет?

Биринчи орунда Кыргызстандын аймактарын изилдегим келет. Биздин территорияда жазма булактар, советтик мезгилде изилденген обьектилер боюнча изилдөө жүргүзүшүм мүмкүн. Себеби, ал башталып бүтпөй калган.

Ошондой эле, Египетте археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү кыялданам. Азыркы күндө археология эки негизги тармакка бөлүнгөн: биринчиси — биздин жүргүзүп жаткан заманбап изилдөөлөр, экинчиси — классикалык археология. Классикалык археология өзүнчө адистик катары калыптанып, байыркы Египет, Месопотамия, Рим сыяктуу байыркы маданияттарды изилдөөгө багытталган.

 

L. Адам жеке өзү кызыкса, археологиялык изилдөө жүргүзө алабы?

Археологиялык изилдөө өтө кымбат. Эгерде каржы булактарын таба алсаң, изилдөөнү баштоого мүмкүнчүлүк бар, бирок бул көбүнчө чектелүү деңгээлде гана жүргүзүлөт. Жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн башка адистер менен бирге иштешүү абдан маанилүү. Мисалы, геолог жер кыртышын изилдеп, мурун ал жерде кандай климаттык шарттар болгонун аныктайт; ар бир адис өз багыты боюнча маалымат берип, комплекстүү жыйынтык алуу үчүн команда менен иштөө зарыл.

Айрыкча жер трансформацияланып жатканда археологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү маанилүү. Эгерде ошол аймакта маанилүү объект табылса, иш алып баруучу фирма же мамлекеттик орган археологдорго финансылык колдоо көрсөтүп, жерди казуу иштерин жүргүзүп, маданий катмарын алып салууга тийиш.

 

L. Жергиликтүү окумуштуу-археологдор кантип чет элдик гранттарды алса болот?

Биздин археологдор көбүнчө чет элдик донорлордун эсебинен иш алып барышат. Чет элдик гранттарды алуу абдан татаал, бирок Кыргызстандын аймагында изилдөө жүргүзүүнү каалаган айрым чет элдик университеттер кээде биздин археологдор менен кызматташат. 

Кыргызстанда азыркы учурда атайын археологиялык изилдөөлөр үчүн мамлекеттик каржылоо жок. Ошондой эле, белгилүү археологдор да дээрлик жокко эсе. Археология багытын кыргызстандык студенттер көп тандай беришпейт, анткени биздин университеттерде бул жаатта кадр даярдоо маселесине көңүл бурулбайт. Бул, албетте, финансылык маселелерге барып такалат. Каржылоо жетишсиз болгондуктан, археология тармагына адистерди даярдоо артта калууда.

 

L. Археологияга кызыккан жаштарга кандай кеңеш бересиз?

Эгер мүмкүнчүлүк болсо, Европа же Америка университеттерине бакалаврга тапшырып, ошол жакта билим алууну сунуштайм. Бирок Кыргызстандан бакалаврды аяктап, андан кийин да чет өлкөгө тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар. Менин негизги кеңешим — эгер археолог болууну максат кылсаңар, баштаган ишти сөзсүз аягына чыгаргыла. Археология — Кыргызстанда келечектүү илим тармактарынын бири. Археологду жөн гана жер казуучу катары түшүнбөш керек; ал тарыхты жазган, маданиятты изилдеген адис жана анын эмгеги өз баалуулугун жоготпойт.

Мисалы, биз азыр археологиялык изилдөө жүргүзсөк, 100 жыл мурдагы изилдөөлөрдү да сөзсүз карап чыгабыз. Бүгүнкү күндө изилдөө мүмкүнчүлүктөрү көп, маалымат алуу жана алмашуу ылдам жүрүүдө. Эгер максатка умтулуп, билимге кызыксаңар, Европада да, Америкада да окуу мүмкүнчүлүгү бар.

 

L. Жумушуңуздагы эң оор жана эң кубанычтуу учурлар тууралуу айтып берсеңиз.

Казуу иштериндеги негизги кыйынчылыктар — бул физикалык түйшүктөр. Бирок биз тапкан ар бир табылга бул түйшүктөрдү унуттурат. Алардын баалуулугу тарыхый мааниси менен бааланат. Андан башка олуттуу кыйынчылыктар деле жок.

 

L. Эң баалуу археологиялык табылгаңыз кайсы буюм болду эле?

2017-жылы биринчи жолу Нарын облусунун Кочкор районунда жер астындагы мавзолейди казганбыз. Бул Орто Азиядагы эң уникалдуу эстеликтердин бири, анткени мындай курулуштар өтө сейрек кездешет. Казуу учурунда алты нефрит пиаласын тапкам жана бул табылгалар мен үчүн өзгөчө эсте калган. Алардын жасалышы, формасы, жана типологиясы абдан өзгөчө болчу.

 

L. Европада жана Кыргызстанда археологдордун айлыгы кандай айырмаланышы мүмкүн?

Европада музейлердеги археологдордун орточо айлыгы 2000-3000 евро болот, мындан сырткары долбоорлордон андан да чоң суммада киреше түшөт. Кыргызстанда музей кызматкерлери 20,000-30,000 сом айлык алса, окуу жайда иштегендердин айлыгы 52,000-60,000 сомдун тегерегинде.

 

L. Кыргызстанда археология багытында кандай көйгөйлөр бар?

Бизде археологиялык эстеликтер жакшы сакталбай келет. Жергиликтүү элдин арасында тарыхый эстеликтердин мааниси тууралуу маалыматтын жетишсиздигинен улам көптөгөн тарыхый мурастар бузулууда. Бул маселени мектеп партасынан эле түшүндүрүп баштоо зарыл. Ошондой эле, жогорку окуу жайларда археологиялык эстеликтерди коргоо боюнча сабактарды көбөйтүү келечекте жакшы натыйжа берет деп эсептейм.

L. Маегиңизге чоң рахмат! Алдыда докторлук ишиңизди ийгиликтүү жактап алыңыз!

 

Булак: https://limon.kg

Photogallery