Эми Ош мамлекеттик университети тууралуу маалыматты Instagram жана WhatsApp аркылуу күнү-түнү алууга болот. Окуу жайдын расмий баракчаларына жарандардын суроолоруна жооп берүүчү жасалма интеллектке негизделген бот орнотулду.
Бот үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта иштеп жатат. Ал колдонуучулардын суроолоруна 24/7 режиминде ыкчам жооп берет. Анын маалымат базасында университеттин факультеттери, институттары, билим берүү программалары, кабыл алуу эрежелери, окуу шарттары, эл аралык кызматташтыгы жана башка маалыматтар камтылган.
Бул кызмат окуу жай тууралуу маалымат алууну жеңилдетип, абитуриенттерге, ата-энелерге жана коомчулукка ыкчам жооп берүүгө багытталган.