Заман талабына жооп берген, дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү адис болууну каалайсызбы? Анда сизди Ош мамлекеттик университетинин Экономика, бизнес жана менеджмент институтуна окууга чакырабыз!
Институт заманбап экономика, бизнес жана башкаруу тармактары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдап келет. Эл аралык стандарттарга ылайык билим берүү менен бирге студенттердин лидерлик сапаттарын, аналитикалык ой жүгүртүүсүн, командада иштөө жөндөмүн жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Экономика, бизнес жана менеджмент институту 2012, 2018 жана 2023-жылдары эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, билим берүүнүн сапаты эл аралык талаптарга жооп берерин тастыктаган.
Биздин бүтүрүүчүлөр банктарда, мамлекеттик мекемелерде, эл аралык уюмдарда, жеке компанияларда жана бизнес түзүмдөрүндө ийгиликтүү эмгектенип келишет.
Тандоо сизде! Төмөнкү заманбап багыттар боюнча билим алыңыз:
Экономика:
Менеджмент
Бизнес-информатика
Бизнес жана башкаруу
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу
Маркетинг
Социалдык иш
ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институту – сапаттуу билимдин, кеңири мүмкүнчүлүктөрдүн жана жаркын келечектин дареги!
ОшМУ жөнүндө жана абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү байланыш номери аркылуу сурап, биле аласыздар:
Негизги телеграм канал: https://t.me/oshstateuni
Инстаграм баракчабыз: @oshsu.kg
Сайт: www.oshsu.kg
Телефон: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87
WhatsApp: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87
Telegram: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87
Биздин дарек: Алымбек датка көчөсү 331, ОшМУнун башкы корпусу,
Кабыл алуу комиссиясы: 137-каана