Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен Урал мамлекеттик медицина университетинин (УММУ) ортосундагы кош дипломдуу билим берүү программасынын алгачкы бүтүрүүчүсү Айгерим Маматалиева окуусун ийгиликтүү аяктады.
Ал «Стоматология» адистиги боюнча билим алып, эки университеттин биргелешкен программасынын негизинде дипломго ээ болду. Окуу мезгилинде Айгерим теориялык билим алып, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрдү.
Кош дипломдуу программа студенттерге эки жогорку окуу жайда билим алып, эл аралык тажрыйба топтоого, заманбап билим алууга, кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.