1. “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы эмнеге керек?
Бул система төмөнкү максаттарда иштелип чыккан:
2. ЖОЖго тапшыруу үчүн кандай документтер керек?
Төмөнкү документтер талап кылынат:
3. Конкурс качан өтөт?
Ар бир ЖОЖ өзүнүн кабыл алуу сынагын өз алдынча өткөрөт. Так даталар жана жайгашкан жери боюнча маалыматты жеке кабинеттен же тийиштүү ЖОЖдун жооптуу адамынан (байланыш номерлери адистиктин жанында көрсөтүлөт) тактаңыз.
4. Жогорку окуу жайларда ваучердик билим берүү деген эмне?
Ваучердик билим берүү — бул мамлекет тарабынан студентке бөлүнгөн каржылык сертификат (ваучер) аркылуу билим алуу системасы. Башкача айтканда, студент өзү тандаган жогорку окуу жайга ошол ваучерди алып барып, окуу акысын төлөйт. Бул система билим берүүнү нарыктык принциптерге негиздеп, атаандаштыкты күчөтүүгө багытталган.
Бул системанын негизги максаттары:
Бул шилтеме аркылуу кененирээк маалымат алып , конкурска катталыңыз!
Мамлекеттик билим берүү гранттарын каржылоонун ваучердик механизминин өзгөчөлүгү эмнеде? Абитуриенттер окууну каалаган жогорку окуу жайын өздөрү тандашат! Ал мамлекеттик ЖОЖ да, жеке менчик ЖОЖ да болушу мүмкүн!
Көңүл буруңуздар!
Эгерде сиз жеке менчик жогорку окуу жайын тандасаңыз, жеке менчик ЖОЖдогу окуунун баасы ваучердин наркынан жогору болсо, анда айырма төлөмдү грант алуучу (ваучер алуучу) өзү жүргүзөт.
Грант/ваучер алууга конкурс “Ваучер” бөлүмүндө турлар башталганга чейин жүргүзүлөт.
Конкурска Жалпы республикалык тест (ЖРТ) тапшырганда негизги тесттен 130 жана андан жогору балл алган абитуриенттер катыша алышат.
Грант/ваучер алууга конкурс эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта абитуриенттер ЖОЖду тандабастан, педагогикалык багыт/адистик боюнча грант/ваучер алууга конкурска катышат. Биринчи этапта конкурс абитуриенттердин социалдык категориясын (шаар, айыл, чакан шаар, тоолуу аймак) эске алуу менен өткөрүлөт. Экинчи этапта биринчи этаптан өткөн жана педагогикалык багыт/адистик боюнча окууга грант/ваучер алган абитуриенттер ЖОЖду тандап, тандаган ЖОЖго кабыл алууга конкурска катышат. Экинчи этапта талдоо упайлардын санына жараша (социалдык категория эске алынбай) жүзөгө ашырылат.
«Ваучер» бөлүмүндө педагогикалык багыттарга/адистиктерге абитуриенттерди кабыл алууну пландап жаткан бардык мамлекеттик жана жеке менчик ЖОЖдор көрсөтүлөт.
Жеңилдиктери бар абитуриенттер (I жана II топтогу майыптар, бала кезинен майыптар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар, жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар) үчүн мамлекеттик ЖОЖдордо өзүнчө квоталар бөлүнөт. Абитуриенттердин бул категориясы ЖРТнын босого баллы жана тастыктоочу документтери бар болгон учурда, ваучерге конкурска катышпай туруп, биринчи турдун алкагында тандалган мамлекеттик ЖОЖго өтүнмө бере алат.
Грант алуучу (ваучердин ээси):
- окууну аяктагандан кийин жолдомо боюнча иштөөдөн баш тарткан учурда;
- жүйөсүз себеп же өз каалоосу боюнча билим берүү уюмунан чыгарылган учурда, менчигинин түрүнө карабастан, билим берүү уюмуна, ваучердин наркынын өлчөмүндөгү чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.